Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

КЫРГЫЗДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВ


Дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону, Европанын, СССРдин бир нече жолку чемпиону, СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Каныбек Осмоналиев кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан азаматтардын бири. Ал жөнүндө даректүү тасма тартылып, акын Акбар Рыскулов поэма жараткан. Каныбекке кандай мактоо айтса да жарашат, себеби ал улут сыймыгы, ар-намысы болгон.

Кыргызстанды дүйнөлүк аренага тааныткан үч- төрт азамат болсо, ошонун бири - Каныбек Осмоналиев. Ал азыр өлкөнүн туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары катары Кыргыз спорттунун жүгүн аркалап келүүдө.

- Эми, Каныбек ага, чоң спортко кандайча келип калдыңыз эле?

- Мен Кемин районунун Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келип, балалыгым айыл жергесинде өттү. 2 жашымда атам каза болуп, эрте жетим калып, кичинемден кара жумушту көп жасап, чыйрак өстүм. 5 баланы эрезеге жеткирүү түйшүгү апам Жийдекандын мойнуна жүктөлгөн. Жашымдан эле спортко ынак өсүп, боюмдун кичинелигине карабай, футбол, баскетболду жакшы ойночумун. Эркин күрөш секциясына да катышып, райондук мелдештерде байге алып жүрчүмүн. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окуп жүргөндө да күрөшкө барып жүргөм. Бир жолу университеттин оор атлетика залына капыстан кирип калып, балдар менен мелдеше кетип, штанга көтөрүп калдым. Менин бул спортко жөндөмдүүлүгүмдү байкап, оор атлетиканын сырын үйрөтүп, чоң спорттун эшигин кенен ачкан устатым - Семен Давыдович Иткин болду. Жылдан жылга чеберчилигим өсүп, устатымдын үмүтүн актай баштадым. 1978- жылы АКШда өткөн дүйнө чемпионатында алгач ирет дүйнө чемпиондугунун алтын медалын тагындым. Даңазалуу балбан Воронин менен ат салышуу кыйынга турду. Кыскасы, оор атлетика боюнча дүйнө чемпиондугун 4 жолу жеңип, Москва олимпиадасынын алтын медалын утуп, кыргызды спорт аркылуу дүйнөгө таанытуу бактысы мага буюруптур. Мында ийгиликтерге жетишиме устатымдын, апам Жийдекандын, келинчегим Мээркандын салымдары зор.

- Азыркы жашооңуз кандай? Сиздин жолуңузду жолдоп, оор атлетика менен машыккан уулдарыңыз барбы?

- Азыркы жашоо-тиричилигим эл катары, жакшы. Ой-тилектин бардыгына жеттим. Ар бир спортчунун көздөгөнү - олимпиадалык чемпион болуу. Менин бул тилегим ишке ашып, кыргыз элинин намысына жарадым го дейм. 7 баланы тарбиялап өстүрдүм. Эки уулум менин жолумду жолдойбуз дешип, оор атлетика менен машыгып жүрүшөт. Чыңгыз деген уулум спорт чебердигин толтурду. Эми, мени тартып дүйнө, олимпиада чемпиону болот деп айтуу азырынча эртелик кылаар. Кичүү уулумдан үмүтүм чоң. Эң негизгиси, чемпион болбосо да адам болуп, эл сыйлаган, элдин кадырын билген жигиттерден болсо болгону. Үч кызым турмушка чыгып, очор- бачар болуп калышты. 5 неберелүү болдум. Кудайга шүгүр, эл- журтум ардактап, эмгегим бааланып келүүдө.

- Сиздин таасириңизден улам,оор атлетика спорту өлкөдө биринчи спорт түрүнө айланып, жаштар Сиздин жолуңузду жолдоп, Кыргызстанды Азия, дүйнө аймагына таанытып келүүдө. Азыркы учурдагы оор атлетика спортунун абалы кандай?

- «Аккан арыктан суу агат» дегендей, өлкөбүздүн ар- намысын татыктуу коргоп, көпчүлүктүн назарына түшүп келаткан жигиттерибиз арбын. Азиянын чемпионаттарында бир нече жолу мөрөй алышкан Митал Шарипов, Улан жана Кутман Молдодосовдор, Манас Алибаев, Алмаз Асакеев жана башка жаштар олимпиадага жолдомо жеңип алууга аракет кылышууда. Дүйнөдө мыктылардын катарында жүргөн азыр Казакстандын туусун көтөрүп келаткан Бакыт Ахметовдун келечеги кең. Мен чоң спорттон бир аз оолоктап кетсем, ошол жигитке шарт түзүп беришпей, колдон чыгарып жиберишкен эле. Эми талдоого алып, жаштарга шарт түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз. Өкмөттүн, жетекчилердин спортко көзү түз болгону менен каражаттын аздыгы кендирди кесип жатат. Эгерде, спортчуларга шарт түзүп бере албасак, башка өлкөлөргө кетип калуусу толук ыктымал.

- Эми, алдыда Афина олимпиадалык оюндары турбайбы. Мында кыргызстандык спортчулар ийгиликке жетүүсү мүмкүнбү?

- Чоң спортто алдын-ала болжоп айтуу кыйын. Олимпиадалык оюндарга дүйнөнүн “мен кыйын” деген мыктылары барып, күч сынашат. Кыргызстандык спортчулар эркин жана грек-рим күрөшүнөн, ок атуу, жеңил жана оор атлетика, дзю-до боюнча байгелүү орундарга илинип калуусу ыктымал. Ал үчүн азыртан даярдыкты мыкты уюштуруп, эл аралык мелдештерден сындан өткөрүп, спортчуларыбызга камкордук көрүүбүз зарыл.

- Рахмат, маек куруп бергениңизге.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG