Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:03

Улуттар уюму Ооганстанда 9 баланын өлүмүнө алып барган окуяны иликтөөгө чакырды


Жаш балдар АКШнын аскерий учактары Газни провинциясындагы алыскы кыштактардын бириндеги үйдү жаңылыш бомбалап алганда мерт болушкан. Америкалык командачылык балдардын өлүмүнө байланыштуу өкүнүч билдирди. Ал эми АКШнын Ооганстанстандагы элчиси Залмай Халилзад:

- Тогуз баланын өлүмүнө алып келген трагедия - биз үчүн кайгылуу кабар. Мен балдарынан айрылган үй–бүлөлөргө көңүл айтам жана алардын аза кайгысын тең бөлүшөм.

Ооган президенти Хамид Карзай болсо америкалык командачылыкты келечекте мындай кырсыктарга жол бербеш үчүн жергиликтүү бийликтер менен чогуу –чаран иштөөгө чакырды. Америкалык өкүлдөрдүн айтымында, авиочабуул учурунда үйү бутага алынган молдо Вазир атуу адам да мерт болгон. Ал Ооганстандын аймагында терракттарды уюштургандардын бири катары каралып келген эле. Бирок, " Ассошиейтед пресс" агенттигинин кабарына караганда, молдо Вазир жашаган кыштактын тургундары ал бул аймактардан мындан эки апта мурун эле кетип калганын билдиришкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG