Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:28

ОШТУН АЙЫЛДАРЫНДА МЕКТЕП ЖАШЫНДАГЫ БАЛДАРДЫН ПРОБЛЕМАСЫ КҮЧ


Замира Кожобаева, Ош Азыркы убакта мектеп жашындагы балдардын сабакка барбай, ата-энесине жардам берип, иштеп же базарга чыгышы кѳнүмүш эле болуп калгансыйт. Бирок кѳп учурда ушундай балдар жѳнүндѳ сѳз болгондо шаардык балдар тууралуу айтылып, айылдык мектеп окуучулары кѳмүскѳдѳ калып келе жатат. Бүгүнкү күндѳ айыл жергесинде, ѳзгѳчѳ талаа жумушу абдан кѳп түштүктѳ балдардын мектепке барбай калышы күч алууда.

Кар кете элек ала-шалбырттан башталган талаа жумуштары кар түшүп, суук болуп калса да аягына чыга элек. Бүгүнкү күндѳ да пахтанын акыркы косектерин терип, сабиз казып, пахта, күнкарама, же жүгѳрүнүн гозопаяларын жыйнап жатышкан дыйкандарды талаадан кѳп эле учуратууга болот. Алардын арасында мектеп жашындагы балдар да жок эмес. Аларды ата-энелери талаа жумуштары күч алганда мектепке жѳнѳтпѳй, талаага алып келишет. Чындыгында азыр ата-энелер үчүн балдар чоң күч. Ѳзгѳчѳ кѳпчүлүктүн колун талап кылган талаа иштеринде. Биз Карасуу районунда жашаган, алтынчы класстын окуучусу Даниярды сѳзгѳ тартканыбызда, ал жаш болсо да талаадагы иштердин кѳпчүлүк бѳлүгү анын мойнунда экенин айтты.

- Бир жумада канча күн сабактан каласың?

- Бир айда 2-3 күн калам.

- Канча кило пахта тересиң, бир күндѳ?

- Бир күндѳ 40-50 кило терем.

- Үйдѳ эмне иш кыласың?

- Үйдѳ мал байлайм, иштерди жасайм. Телевизорду түндѳ кѳрѳм.

Ал эми быйыл 10-класска барышы керек болгон 15 жаштагы Дамир 9-классты аяктагандан кийин ата-энеси аны мектепке жѳнѳтпѳй коюшкан. Анын себебин Дамирдин апасы Айсулуу Касымова мындайча түшүндүрдү:

- Биринчиден, бизде 9 жылдык мектеп. Тогузду бүткѳндѳн кийин аркы кошуна айылга барышы, ылайга, балчыкка батып, жолдо кыйналганы эле калат. Менин баламдын окууганы да начар, андан бир нерсе чыгат деп күтѳ албайм. Ошондуктан мен окутпай койгом. Андан кѳрѳ үйдѳгү түйшүктү кылса, ѳзүнѳ кийим-кечеге, жеген-ичкенибизге кеңири болот. Окуса ѳтүк, кийим жыртканы эле калат. Же жолдо жүрүп, алар сабакка эрте барабы, кеч барабы - мен билбейм. Ошондуктан мен окутпай койгом.

Ал эми Дамир мектепте жакшы окуганын, келечекте дарыгер болгусу келгенин айтып, бирок ошол эле учурда үйдѳгү ата-энесине жардам бербесе да болбой турганын муңаюу менен билдирди:

- Окутпай койду, «жол узак, ылай болосуң, шалбылактап барганча бул жерде мал бак» деп. Талаанын иштерин кылам, пахта, помидор, бардыгын мен чабам.

- Класcташтарың эмне дешет, сенин окубай жүргѳнүңѳ?

- Мага окшогон балдар кѳп. Ошентсе дагы окуган жакшы, эгерде окуп калсам, кийинки келечекке жакшы болот эле. Мен ѳзүм келечекте дарыгер болгум келет. Химияны, биологияны, географияны, кыргыз адабиятын жакшы окуйм.

- Апаңа айттыңбы, «мен дарыгер болгум келет, окуйм» деп?

- Жок, апама бир нерсе дешим кыйын.

Дамирбектин айтымында, ага окшоп, мектепке барбай, окубай койгон балдар айылда ондоп саналат. Алар бир жагынан 9 жылдык мектепти аяктагандан кийин айылдан 10-15 чакырым алыс жайгашкан орто мектепке жѳѳ барып келип, окуудан баш тартышса, экинчи жактан буга айылдагы оор чарба иштери негизинен ѳспүрүм балдарга жүктѳлгѳнү себеп.

Балдардын укуктарын колдоочу «XXI кылымдын келечеги» деп аталган бейѳкмѳт уюмдун жетекчиси Гүлсара Карыбекованын айтымында, ата-энелер же башка адамдар тарабынан балдардын мектепке жѳнѳтүлбѳй, укугу тебелениши мыйзамга туура келбейт. Күнүнѳ дээрлик 10-15 саат иштеген мектеп жашындагы айылдык балдардын мектепке барбай, сабактан жетишпеген кѳйгѳйү азырынча чечибелген бойдон калууда.
XS
SM
MD
LG