Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:24

ОРУСИЯДАГЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ТУУРАЛУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН ПИКИРИ АР КЫЛ


7-декабрда Орусиянын Мамлекеттик Думасына шайлоолор өттү. Анда бийликтин «Бирдиктүү Орусия» («Единая Россия») партиясы шайлоочулардын эң көп добушун алды. Экинчи орунду коммунисттер, үчүнчүнү Владимир Жириновскийдин партиясы ээледи. Орусияда өткөн парламенттик шайлоо тууралуу кыргызстандык саясатчылардын пикирлери кандай?

Орусиядагы парламенттик шайлоолорго өз баасын берген кыргызстандык саясатчылар «Бирдиктүү Орусия» партиясынын алдыга озуп чыгышын ар түрдүү талдоого алышты. Алсак, депутат Өмүрбек Текебаев «президент В. Путин башында турган бийлик күч колдонуу менен парламенттеги көп орунду өзүнө алууга жетишти» десе, Социалдык фонддун төрагасы Акматбек Келдибеков «Орусияда бийлик жакшы иштей баштады, эл ошондуктан «Бирдиктүү Орусияны» колдоду» деген пикирин айтты.

- Иш кылган кишини эл колдоп калды. Владимир Путиндин жасаган эмгеги эл үчүн, Орусиянын экономикасын колдоо максатында болуп жатпайбы, - деди Акматбек Келдибеков.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Абсамат Масалиевдин айтымында, Орусияда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери мыйзам бузуулар менен өттү.

- Мыйзам бузуулар үгүт жүргүзүү учурунда эле башталды, - деп сөз баштады Абсамат Масалиев. - Ички иштер министри Борис Грызлов трибунага чыгып алып, кызматынан пайдаланып, «бизди колдогула» деп жатты. Анын артынан Минтемир Шаймиев, Юрий Лужков үгүт жүргүзүштү. Ал аз келгенсип, президент Владимир Путин «Бирдиктүү Орусия» партиясынын курултайына келип, «мен ушул партияны жактайм» деп айтып кетти. Президент деген бардык партияларга калыс болуш керек да!

Айрым талдоочулар бул шайлоодо коммунисттер 1999-жылы өткөн шайлоого караганда аз добуш алганын белгилешсе, Кыргызстан коммунисттер партиясынын өкүлдөрү «4-орунга чыккан «Атамекен» («Родина») партиясынын мүчөлөрү мурдагы коммунисттер болуп эсептелет, ошондуктан биз бул жолу да утулган жокпуз» дешүүдө.

- Коммунисттерди ачык кодулап, куугунтукка алышты. «Олигархтарды кошуп алышыптыр», «Березовский, Ходорковский менен биримдикте экен» дегендей сөздөрдү айтышты. Эмне, Березовскийди Грузия коммунисттери алып келдиби!? Ошондуктан, мындай жалаа жабуулар көп болду. «Орусияда коммунисттер 2-орунду алды» деп жатабыз, бирок коммунисттер 2-3 багыт менен күрөш жүргүзүштү. Ошол эле 4-орун алган ««Атамекен» («Родина») партиясынын мүчөлөрү - коммунисттик идеяны жактагандар. Геннадий Селезнев болсо бир мандаттуу округдан өттү, - деди Абсамат Масалиев.

7-декабрда «Оңчул күчтөрдүн биримдиги» («Союз правых сил») жана «Яблоко» партиялары жеңилүү ызасын тартышты. Бул окуя тууралуу Кыргызстандын оңчул партиясы деп эсептелген «Менин өлкөм» партиясынын мүчөсү, парламенттеги «Оң ордо» фракциясынын өкүлү Оксана Малеванаянын пикири мындай:

- Менин оюмча, минтип жеңилүүгө шайлоо алдында жасалган айрым саясий кадамдар себеп болду. Алсак, Ходорковскийдин камалышы тууралуу пикирлерин айтышпай эле койсо болмок. Экинчи жагынан алганда, «Бирдиктүү Орусия» пайдаланган башкаруучулардын күчү менен да эсептешпей коюуга мүмкүн эмес.

Оксана Малеваная «Ирина Хакамада, Борис Немцов, Анатолий Чубайс, Георгий Явлинский сыяктуу лидерлердин үнү Мамлекеттик Думада угулбай калганы өтө эле өкүнүчтүү болот» дейт. «Ошого карабай, - дейт Оксана Малеваная, - баары бир Орусия Гайдар, Чубайс чапкан жол менен өнүгүп баратат».

Ал эми Кыргызстандагы «Атамекен» партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев болсо «Орусияда өткөн шайлоо бизге үлгү болалбайт, анткени бир катар кемчиликтер кетти» деген пикирде.

- Шайлоо өнөктүгү эрежеси жок, катаал, келишкис күрөш болду. Бул күрөштө бийликтин ресурсу ачыктан-ачык колдонулду. Мындан башка, диндик жана улуттук айырмачылыкка негизделген партияларга кенен жол ачты. Бул Орусиянын ичиндеги улуттук жана диний ажырымды гана күчөтпөстөн, жалпы Шериктештик мамлекеттеринде да ишенимди жоготту. Буга терс сын-пикир айткандар көп болду, - дейт Өмүрбек Текебаев. Анын айтымында, Орусиядагы шайлоодо эл олигархтарга каршы күрөшкөн бийликти колдоп берди. Анткени орус бийлиги бай адамдарды коомчулукка жалаң жеп-ичкичтер катары көрсөтүүгө жетишкен.

- Менчиктештирүүнүн жыйынтыгына кыргызстандыктардын деле мамилеси ушундай. Ошондуктан Орусиядагы көрүнүш бизге деле келиши мүмкүн, бирок, тилекке каршы, Аскар Акаев Владимир Путин эмес. Биздин бийлик 2005-жылы өтө турган парламенттик шайлоого кийлигишпесе, анын жыйынтыгы Орусиядагыдан таптакыр башкача болот.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын саясатынын улуттук өзгөчөлүгү катары Конституцияда саясий партиялар тууралуу айтылганы менен, партиялык тизме аркылуу партиянын мүчөлөрү депутат болуп шайлана албастыгын айтат. «Бийлик саясий партияларга мындай мүмкүнчүлүк бербей жатат» деди «Атамекендин» лидери сөзүн жыйынтыктап.
XS
SM
MD
LG