Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Израиль палестиндер менен сүйлөшүүсү майнапсыз аяктаганына өкүнүчүн билдирди


Израилдин премьер-министринин маалымат катчысы Раанан Гиссин "бул - палестин эли үчүн кейиштүү күн болуп калды", - деди. Гиссин Каирдеги сүйлөшүүнүн терс жыйынтыгын "палестиндерди террористтер башкарып калганынын далили" деп ырастады.
Палестин президентинин улук кеңешчиси Набил Абу Рдеине Батыш өлкөлөрүн Израилди сабырдуулукка чакырууга үндөдү:
- Тилекке каршы, Каир сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учурады. Бул өтө өкүнүчтүү. Биз квартетти жана Кошмо Штаттарын Израилдин түзүлгөн кырдаалды өз кызыкчылыгында пайдаланбашына басым жасоого чакырабыз, анткени ушуну менен эле баары бүтүп калбайт.
Кечээки сүйлөшүүдө Хамас, Исламдык Жихад жана дагы үч палестин фракциясы Израилге каршы чабуулдарды токтотуу боюнча келишимге жетише алышкан жок.

XS
SM
MD
LG