Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Кошмо Штаттары, эл аралык уюмдар Орусиядагы шайлоого карата тынчсыздануусун билдирди


АКШ бүгүн Орусияда саясий жана экономикалык реформалардын зарылдыгын белгиледи.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюму Мамдумага шайлоо эреже бузуулар менен өткөндүгүн билдирди. Уюмдун өкүлү Брюс Жорж мындай деди:
- Бул шайлоодо ЭККУнун жана Европа Кеңешинин көп эрежелери сакталган жок. Ал нукура демократиялык шайлоолордун башка эл аралык стандарттарына да жооп берген жок.
Ал эми ЕвропаБиримдигинин тышкы байланыштар комиссарынын маалымат катчысы Диего де Охеда биримдиктин Орусияга карата саясаты мурдагы нугунда улантылаарын бышыктады.

XS
SM
MD
LG