Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

КЫРГЫЗСТАНДЫН СЛОВАКИЯДАГЫ, АВСТРИЯДАГЫ ЖАНА ЕККУДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВ МЕНЕН МАЕК


Аманбек Дилденбай, Прага Президент Аскар Акаев баштаган кыргыз делегациясынын Словакиядагы расмий сапары башталды. Дүйшөмбү күнү Аскар Акаев жана Словакиянын Мамлекет башчысы Рудольф Шустер эки өлкө ортосундагы кызматташуу жана өз ара жардамдашуу Меморандумуна кол коюшту. Словакия бийлиги президент Аскар Акаевди 1-даражадагы орден менен сыйлады. Кыргыз делегациясынын расмий сапары тууралуу Кыргызстандын Словакиядагы, Австриядагы жана ЕККУдагы ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов “Азаттык” үчүн маек курду.

Элчи Аликбек Жекшенкулов:

- Эртең менен саат 10до президент Аскар Акаевдин расмий жолугушуулары башталды. Ал Словакиянын мамлекет башчысы Рудолф Шустер менен көзмө-көз жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өөрчүтүү маселелери тууралуу баарлашты. Сүйлөшүүдөн кийин Аскар Акаевге Словакиянын эң жогорку ордени ыйгарылды. Андан соң эки өлкөнүн министрлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр болду.

- Элчи мырза, жолугушууда негизинен кайсы маселелер тууралуу талкуу жүрдү?

- Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан менен Словакиянын кызматташтыгынын келечеги жөнүндө, саясий - экономикалык жана маданий, гуманитардык жардам тууралуу маселелер козголду. Экинчиден, Словакиянын саясатчылары Кыргызстанды Борбор Азиядагы демократиялык мамлекет катарында карап, Борбор Азияда да өзүлөрүнүн саясий экономикалык кызыкчылыгын активдүү жүргүзгөнгө куштар. Бүгүн эки-үч конкреттүү иштер жөнүндө сүйлөшүүлөр болду. Сел маселеси, жер көчкүгө байланыштуу Кыргызстандын айыл чарба министрлиги менен Словакиянын өнөр жай тармагынын жетекчилери сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Словакия тарап технология жана адистер жагынан жардам бере турган болду.

- Аликбек мырза, мүмкүн болсо конкреттүү кайсы тармактар экенине токтоло кетсеңиз?

- Конкреттүү тармактарды айтсак, бул - туризм маселеси, кичинекей электр станцияларды куруу, технология жаатында жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тууралуу эки тараптуу кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөр болду. Саясий жаатында - терроризмге, баңги аткезчилигине каршы бирге күрөшүү тууралуу, дагы көп маселелер Меморандумдун ичинде жазылган. Меморандумга мамлекет башчылары кол коюшту.

- Президент Аскар Акаев Словакиянын премьер-министри Микулаш Дзуринда менен да жолугуштубу?

- Жок. Премьер-министр Дзуринда Брюсселге Евробиримдиктин отурумуна катышканы кетиптир. Президент Аскар Акаев өлкөнүн вице-премьер-министри менен жолугат. Бул орун басарынын саясий салмагы абдан жогору. Ал эми кечинде Словакиянын парламентинин спикери П.Грушовский менен жолугушат.

Кыргыз делегациясынын Словакиядагы эртеңки иш-чараларына байланыштуу да токтоло кетсеңиз?

- Шейшембиде президент Аскар Акаев Александр Дубчек атындагы техникалык университетке барып жолугушуу өткөрөт. Ал жерден Аскар Акаевичке университеттин ардактуу доктору наамы ыйгарылат. Окуу жайда жаштар маселеси, студенттерди окутуу тууралуу сүйлөшүүлөр да болот.

Кыскача маалымат:
Словакия көз карандысыз мамлекет катары Чехиядан 1993-жылы бөлүнүп чыккан. Калкы беш жарым миллион. Борбор калаасы - Братислава. Келээрки жылы май айында Словакиянын Евробиримдикке мүчөлүккө өтүүсү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG