Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Европа Биримдигинин Конституция долбоору талаш-тартыштарды жаратууда


Конституциянын соңку долбоорун бекитүүнү көздөгөн саммит ушул аптанын соңунда өтмөкчү. Бирок али чечиле элек маселелер бар. Аларды талкуулоо үчүн немис канцлери Герхард Шрөдөр менен француз президенти Жак Ширак бүгүн Парижде жолугууда. Аталган эки өлкө Конституциянын долбоору өзгөртүлүшүнө каршы.
Европа Биримдигинин азыркы төрагасы – Италия да уюмдун Баш мыйзамынын министрлер Кеңешинде добуш берүү тартибин караган жоболоруна өзгөртүү киргизүүгө ниеттенбейт. Өлкөнүн тышкы иштер министри Франко Фраттининин билдиргенине караганда, көпчүлүк документти азыркы калыбында колдоодо. Конституция долбоорунун жогорудагы жобосу өзгөртүлүшүн асыресе Польша жана Испания талап кылып жатат. Алар Европа Биримдигинде чечим кабыл алууда чакан өлкөлөрдүн ролу жогорураак болушу керек деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG