Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ирактагы кол салууларды айыптаган билдирүү кабыл алды


Коопсуздук Кеңешинин кечээ таратылган билдирүүсүндө кол салууларга АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн аскерлери гана эмес, бул жерде иштеген карапайым кызматчылар да кабылып жатканы айтылган. Коопсуздук Кеңеши Ирактагы кол салууларды токтотуучу чараларды көрүү үчүн эл аралык коомчулукту тыгыз кызматташтыкка чакырды. Кечээ өлкөнүн түндүгүндөгү Мосул шаарында америкалык дагы бир аскер мерт болуп, үчөөсү жаракат алган. Түштүк Кореянын Иракта электр линияларын орнотуу менен алектенип жаткан компаниясы жакында эки инженери киши колдуу болгонуна байланыштуу, бул жерде алтымыштай кызматкерин эвакуациялаарын жарыялады.

XS
SM
MD
LG