Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

ЕККУ жана АКШ Орусиядагы парламенттик шайлоого карата камтамачылык билдирди


Эл аралык байкоочулар Орусиядагы парламенттик шайлоо демократиялык стандарттарга жооп бербеди деп эсептешет. Маселен ЕККУ уюму өкмөтчүл партиянын административдик ресурсту колдонуусунан улам шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деген пикирде. Европа Кеңешинин байкоочулар миссиясынын башчысы Дэвид Аткинсондун билдиргенине караганда, шайлоо эркин өткөнү менен ал адилет болду деп айтыш мүмкүн эмес. Кошмо Штаттар да эл аралык байкоочулардын тынчызданууларына кошулат. Вашингтондогу басма сөз жыйынында Ак үйдүн өкүлү Скот МакКлеллан мындай деди:
- ЕККУ уюму шайлоо кампаниясынын адилеттүүлүгүнө карата, өзгөчө маассалык маалымат каражаттар чөйрөсүнө, административдик ресурстун пайдаланылышына байланыштуу тынчыздануу билдирди. Биз ал тынчызданууларды бөлүшөбүз.
Орус президенти Владимир Путин болсо шайлоонун жыйынтыгын демократияга карата багытталган дагы бир кадам деп атады. Путин колдогон "Бириндиктүү Россия" партиясы шайлоодо жеңүүчү деп табылды. Ага жалпысынан Мамлекеттик думадагы 450 орундун 222си тиет. Экинчи орунду коммунисттер, үчүнчүнү Либерал-демократиялык партия, төртүнчү орунду коммунисттер менен улутчулдардан турган "Родина" шайлоо блогу ээледи. Либералдык партиялар катары саналган "Яблоко" жана Оңчул күчтөрдүн союзу Мамлекеттик думага кирбей калышты.

XS
SM
MD
LG