Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

ЛОЙА ЖЫРГА ИШЕМБИДЕ ИШИН БАШТАЙТ


Ооганстанда маанилүү саясий окуялар башталды. Ушул аптанын этегинде Кабулда Лойя Жырганын кезектеги жыйыны ачылат. Делегаттар эки жуманын ичинде өлкөнүн жаңы конституциясын талкуулап, кабыл алууга тийиш. Жаңы мыйзамга ылайык, эмдиги жылы жайда Ооганстанда жалпы элдик шайлоо өткөрүлүшү керек.

ООНдун баш катчысы Кофи Аннан дүйнө өлкөлөрүн Ооганстандагы эл аралык коопсуздук контингентинин мандатын кеңейтүүгө активдүү катышууга чакырып, бул жагынан Германиянын өнөгөсүн жогору баалады. Немец өкмөтү түндүк Ооганстандагы Кундуз шаарына “провинциялык кайра куруу тобу” деген ат менен аскер бөлүктөрүн жайгаштырган эле. Аталган райондо азыр мурдагы аскерлештирилген отряддарды куралсыздандыруу процесси жүрүп жатат.

Баш катчынын орунбасары Жан-Марие Гуехенно мындан эки жыл мурда Бонн келишиминде каралган милдеттерди жүзөгө ашырууда алдыдагы бир жыл Ооганстанда чечүүчү мезгил болорун эскертти. ООНдун өкүлү айткандай, ушул он эки айда кырдаал жөнгө салынып, Бонндо аныкталган институттар түзүлүшү керек, Ооганстандын жаңы конституциясы кабыл алынып, анын негизинде бийликтер шайланууга тийиш. Мындай болбогондо башталган иштин баары акыркы эки жылдагыдай арасат абалда калат. Ушул себептен улам эл аралык жамаат күч-аракетин кайра жыйнап, Ооганстанга астейдил назарын бурууга тийиш.

Жаңы конституциянын долбоорун талкуулап,бекитүү үчүн Лойа Жырга шаршемби күнү, б.а. 10-декабрда ишин башташы керек эле, бирок Кабулга болгону 200дөй гана делегат келгенге үлгүрдү. Ошондуктан Лойа Жырганын жыйыны алдыдагы ишембиде ачыла турган болду.

Кабыл алынганы жаткан негизги мыйзам Ооганстандын тарыхындагы алтынчы конституция болот. Жергиликтүү эксперттердин айтымында, анын долбоору көп жагынан Кошмо Штаттарынын конституциясына окшош, ошол себептен көптөгөн жоболор оогандыктардын нааразылыгын пайда кылууда. Лойа Жыргадагы талаш-тартыштар да кыйлага создугуп кетиши ыктымал.

Бул учурда Кабулдагы чоң жыйынды үзгүлтүккө учуратканы ар кайсы провинцияларда талиптер активдеше баштады. Мисалы, Кандагарда жарылган бомбадан жыйырмадай адам жабыркады. Мындай иштерди ооган лидери Хамид Карзай улуттук жыйын ачылар алдында калкты коркутуп-үркүтүү максатында жасалган акция деп атады.

Ал эми дүйшөмбүдөн бери америкалык контингент ооган солдаттарынын коштоосунда масштабдуу операцияларды өткөрүп жатат. Подполковник Брайн Хилферти аны мурда практикаланбаган эң ири операция деп атады. Ага америкалыктардын эки миңдей жоокери тартылды. Операциянын максаты – чыгыш жана түштүк региондордо талиптер менен ал-каидачыларды таап, талкалоодо турат. Соңку кездери дал ушул райондордо эл аралык гуманитардык уюмдарга, аскери бөлүктөргө жана жергиликтүү калкка кол салган учурлар көбөйдү.

XS
SM
MD
LG