Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

ОРУСИЯ: ЛИБЕРАЛ ЖАНА ДЕМОКРАТТАРДЫН УТУЛУШУ


Нарын АЙЫП, Прага 7-декабрда Орусияда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча, Мамлекеттик думага Григорий Явлинскийдин "Яблоко" партиясы менен Немцов, Хакамада, Чубайс жетектеген СПС партиясы өткөн жок. Көпчүлүк эксперттердин баамында, мындай көрүнүш - демократия менен либерализм идеяларынын орус коомундагы утулушу.

1980-жылдардын аягында Михаил Горбачев СССРде өткөргөн реформалардын натыйжасында демократия менен либерализм советтик коомдо кеңири колдоого алынган, бирок кийин Орусияны Борис Ельцин жетектеп турганда, бийлик жана байлыкты демократиялык лозунгдар менен өз колуна олигархтар жана кылмыштуу топтор чогултуп алганда, орус коому алар менен кошо демократияны да жек көрө баштады. Бийликке Владимир Путин келгенден кийин кылмыштуу топтор жана олигархтар менен күрөш башталды, бирок ал күрөштүн илеби менен бийлик акырындап өзүнө жакпаган саясатчыларды да саясаттан четтетүүгө киришти.

Олигархтарга - саясатка кийлигишпесеңер, топтолгон байлыгыңар колуңарда калат деп айтылган. Аны менен макул болбогон Владимир Гусинский менен Борис Березовскийге каршы кылмыш иштери ачылып, аларга издөө салынды. Акыркы мезгилде Явлинский менен Немцовдун партияларына акча берген Михаил Ходорковский болсо камакка алынды. Маселе - мындай аракеттер орус элинин көпчүлүгүнө жагып жатканында.

Ага мамлекеттик көзөмөлдөгү маалымат каражаттары да эбегейсиз салым кошту. Юрий Лужков менен Сергей Шойгунун мурдагы партияларынан биригип, "Бирдиктүү Россия" деген жаңы ысым алган бийликтин партиясынын башчылыгына ички иштер министри Борис Грызлов коюлду. Бул партия элге эч кандай программа тартуулаган жок жана шайлоо өнөктүгү учурунда теледебатка катышуудан да баш тартты, бирок маалымат каражаттары аларды Кремил колдогонун дээрлик күнүгө айтып-көрсөткөндүктөн, көпчүлүк добуштар дал ушу партияга берилди.

Ельциндин учурунда Орусияда эбегейсиз байлар пайда болгону менен кошо, калктын кеңири катмарлары ошондой эле эбегейсиз жакырчылыкка баткандыктан, эл арасында улутчулдук да кеңири тарады жана анын натыйжасында шайлоочулар Владимир Жириновскийдин партиясы менен "Родина" аттуу улутчул блокту колдоду.

СПС либералдык партия болгону менен, негизинен реформа учурунда колуна байлык топтоого жетишкен ишкерлерди бириктирет, андайлар болсо, өлкөдө көп деле эмес. "Яблоко" партиясына болсо, негизинен демократиялык идеяга берилген интеллигенция кирет, бирок анын колдоочуларынын саны дагы акыркы мезгилде бир кыйла азайды. Абал коркунучтуу болуп баратканын көргөн СПСтин жетекчилери "Яблоко" менен биригүүгө аракеттенген, бирок Явлинский андай сунушту четке какты, анткени Чубайс менен бириккенде, партия өзүнүн мурдагы колдоочуларын да жоготмок. Ирина Хакамаданын айтымында болсо, Ходорковскийдин камалышын СПС катуу сындап чыкканда, Кремилдин өкүлдөрү - силер шайлоодо беш пайыздан ашык ала албайсыңар деп ачык эле айткан.

Анткен менен, Батыш эксперттеринин пикиринде, эгер президент Путин экономикалык реформаларды улантам десе, СПС менен "Яблоконун" идеяларын жана алардын жетекчилерин пайдаланууга тийиш. Бирок маселе - Думадагы көпчүлүк өкмөттүк колго өткөн абалда президент оюндагыны жасоого мүмкүнчүлүк алып жатканында. Бийликтин колдоосу менен өлкөдө орногон "башкарылган демократия" жана "башкарылган улутчулдук" Орусияны азыркыдан да терең авторитаризмге батырышы мүмкүн. Жириновский жана "Родинанын" колдоосу менен бийлик партиясы Думадагы конституциялык көпчүлүккө да ээ болушу ыктымал, анда болсо бийлик конституцияны да өзү каалагандай өзгөртө алат.

Маскөөдөгү "Панорама" аттуу саясий изилдөөлөр борборунун башчысы Владимир Прибыловскийдин айтымында, анда бир топ орчундуу өзгөрүүлөр болушу ыктымал: "Эгер алар Думадагы 300 орунду көзөмөлдөөгө жетишсе, алар Путиндин үчүнчү мөөнөткө шайланышын да ишке ашырат. Алар Путиндин сунуштаганынын баарын бекитет. Путин Орусияны Кытай менен бириктирем десе да 300 депутат аны колдойт, Путин Орусияны АКШнын бир штаты кылам десе дагы, 300 добуш колдоо табат".

XS
SM
MD
LG