Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

ЧЕРНОГОРИЯ: ӨКМӨТ БАШЧЫ ЫПЛАС КЫЛМЫШКА КАТЫШКАНБЫ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага Дүйшөмбүдө Мина кабар агенттиги Черногориянын өкмөт башчысы Мило Жуканович аялдарды жыныстык кулчулукка сатуу кылмышына тийешеси бар деген маалымат таратты. Айрым саясий байкоочулар эгерде бул айыптын чын экени аныкталса Жуканович жогорку даражалуу кызматынан эле эмес, эркинен да ажырап калышы ыктымал экенин айтып жатышат.

Мина кабар агенттиги бул маалыматын сойкулукка сатылып, эки жыл бою жабыр тарткан молдовалык келиндин тергөөчүлөргө берген маалыматы менен өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Ажия Жовисевичтин билдирүүлөрүнө таянып тараткан. 28 жаштагы молдовалык келин Подгорицадагы сойкуканада зордукталып, кемсинтилип, уруп-сабоолорго дуушар болгондугун жана анын кардарларынын арасында Черногориянын өкмөт мүчөлөрү болушканын айтып берген.
Экс-министр болсо бир нече жолку билдирүүлөрүндө өкмөт башчы Мило Жуканович жогорку кызмат абалынан пайдаланып, аядарды сексуалдык кулчулукка сатуу кылмышында аткесчилерге "баш калканч" болгонун билдирген.

Ыплас кылмышка катышы бар деп ушуну менен экинчи ирет айыпталып отурган Жуканович бул кинени өзүнө жуутпай келет. Анын айтымында, сойкулукка сатылган аялдын көрсөтмөлөрү "өкмөт башчыны каралап, аны кызматтан шыпыруу үчүн атайын уюштурулган жалаа". Дүйшөмбү, 8-декабрде өзүнүн Социалисттердин Демократиялык Партиясы аркылуу тараткан билдирүүсүндө Жуканович мурдагы тышкы иштер министринин айыптоолорун "мандемдуу аферисттин жосунсуз жоругу" деп сыпаттады. Партия өз билдирүүсүндө, ошондой эле, кылмыштын бетин ачууда өкмөт жасаган аракеттерге оң баа берди.

Бирок Черногория прокуратурасынын кызматкери, тергөөчүлөрдүн өкүлү Ана Вукович дүйшөмбү күнү өлкөнүн күндөлүк гезиттеринин бирине берген маалыматында молдовалык аял көрсөтмөлөрүндө чындыкка таянганын билдирди. "Прокуратуранын колундагы күбөлөндүрүүчү материалдарды жалган жалаа дегендер аны бизге далилдеп беришсин!"- деп каяша айтты Ана Вукович.

Тергөөнүн жүрүшүндө өкмөттүн ар түрдүү баскычтардагы жооптуу кызматтарында иштеген 6 киши камалып, суракка алынды. Бирок алардын баары "күнөөсүн күбөлөндүргөн жетиштүү далилдердин жоктугунан" сотко чейин койо берилди. Камакка алынгандардын арасында баш прокурордун орун басары Зоран Пиперович, Подгорица шаарынын прокурору Зоран Радонжич да бар. Чатакка байланыштуу Пиперович менен Родонжич октябрь айында кызматтарынан алынган. Өлкөнүн баш прокурору чуулгандуу кылмыштын шык-шүкүрү билинип калган июль айында эле ээлеген кызматынан өз эрки менен бошонуп кеткен болчу.

Адам аткесчилигине тийешеси бар делинген өкмөт мүчөлөрүнүн баары өзүлөрүнө койулуп жаткан кинени өзүлөрүнө жуутпай келатышат. Бирок Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун жана Еврокеңештин көз карандысыз иликтөөлөрү киши аткесчилердин кан жолу болуп калган жумуриятта бул ыплас кылмышка жогорку баскычтагы бийлик төбөлдөрүнүн тийешеси бар экенин көрсөттү. Полиция менен прокуратуранын аракеттеринин өз ара айкалышпаганы, бул эки мамлекеттик мекеме тараткан билдирүүлөрдүн, айрым учурларда, өз ара кайчы келгени эксперттерде "өлкөнүн баш прокурорунун орун басары жана башка жооптуу өкмөт адамдары кылмыштуу топтордун кызыкчылыгын коргогон", - деген таасир калтырган.

650 миң кишиден турган калкы бар Черногория аялдарды Батыш Европага сексуалдык кулчулукка сатып жаткан киши аткесчилеринин кан жолу болуп эсептелет. Күбөлөндүрүүчү фактыларга таянган эл аралык эксперттер бул ыплас кылмыш бийлик төбөлдөрү менен тартип коргоо кызматкерлеринин коргоосу, колдоосу жана түздөн-түз катышуусу менен гүлдөп, өскөн деген пикирде.
XS
SM
MD
LG