Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ ЕВРОПАЛЫК ДЕҢГЭЭЛГЕ УМТУЛУУДА


Акыркы 10 жылда Кыргызстанда студенттердин саны 3 эсеге көбөйгөнү менен, жогорку окуу жайларында билим берүүнүн сапаты дүйнөлүк деңгээлге жеталбай келатканы белгилүү. 9-декабрда Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда жогорку окуу жайлардын деңгээлин Европалык стандартка жеткирүү үчүн кандай иштерди жасаш керек деген маселе талкууланды.

Соңку жылдарда өлкөдө жогорку окуу жайлардын саны кескин көбөйгөнү белгилүү. Бирок, ошол ар бир облус, шаарда ачылган университеттерде билим берүүнүн сапатынын начарлыгынан андай окуу жайларын бүтүргөндөрдүн көпчүлүгү жумушсуздардын катарын толуктап келатканы да жашыруун эмес. Айрым маалыматтар боюнча, кыргызстандык студенттердин 20% гана жогорку окуу жайынан кийин иш менен камсыз болушат.

Билим, илим жана маданият министрлиги жакында Талас университетиндеги студенттердин деңгээлин текшерүүдөн өткөрсө, сыналгандардын 90% «жаман» деген баа алышкан. Жаштарга билим берет деген мындай университеттердин өзүнө мыкты адистер, сапаттуу окуу куралдары, заманбап жабдуулар жетишпейт. Экинчи бир аксаган жери – жогорку окуу жайларынын көпчүлүгү гуманитардык багытка качырып, техникалык багыттагы адистерди, өзгөчө, инженерлерди чыгаргандар кескин азайып кеткен. Дагы бир чоң көйгөй – жогорку окуу жайларында баанын сатылышы, дипломдук жана курстук иштердин акчага бүтүп жатышы, паракорлук.

Буга окшогон көйгөйлөр 9-декабрда Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда талкууланды. Жыйындын катышуучуларынын көпчүлүгүнүн пикири боюнча, европалык стандартка жетишкенде гана Кыргызстандын университеттеринин иши оңолот.

Айта кетүү керек, 1999-жылы Италиянын Болонья шаарында Европадагы 29 мамлекеттин билим берүү министрлери Европадагы бирдиктүү жогорку билим берүү системасын түзүү тууралуу декларацияга кол коюшкан. Учурда дүйнөнүн 37 өлкөсүнүн 700дөн ашуун университеттери Болонья декларациясынын алкагында иштешүүдө. Республикада бир гана – Кыргызстандын эл аралык университети 2002-жылы бул декларацияга кол койгон. Европалык билим берүүнүн артыкчылыктары тууралуу аталган университеттин ректору Асылбек Айдаралиев буларга токтолду:

- Декларацияга ылайык, бир өлкөнүн университетинин бүтүрүүчүлөрү башка мамлекетке барып жумушка кирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Азыр биздин университеттин диплому Европадагы университеттердин дипломдоруна теңелейин деп калды. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн көбү чет мамлекеттерде иштешет. Алардын арасында Израилде, Американын банктарында, биржаларында жумуш тапкандары бар. Биздин бир бүтүрүүчү Гаагадагы эл аралык сотто иштөөдө.

Болонья декларациясынын, башкача айтканда, европалык билим берүүнүн стандартынын талабы боюнча жогорку окуу жайлары эки баскычтагы билим берүү системасына өтүүгө тийиш. Анын натыйжасында «магистр» жана «бакалавр» түшүнүктөрү так аныкталышы зарыл. Экинчи бир талап – окутуунун «кредит-саат» деп аталган жолуна өтүү. Мындай ыкмага ылайык студенттин көп убактысы аудиторияда лекция угууга коробой, өз алдынча даярданууга арналат. Университеттер аткара турган дагы бир олуттуу жумуш – илимий-изилдөө иштери билим алуунун ажырагыс бир бөлүгү болууга тийиш. «Мына ушундай талаптарды Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын кайсылары аткара алды» деген суроо менен Билим, илим жана маданият министринин орун басары Канатбек Сманалиевге кайрылдык.

- Бүгүнкү күндө, - дейт Канатбек Сманалиев.- биздин республиканын көпчүлүк жогорку окуу жайлары Болонья декларациясы талап кылган шарттарды аткарышты. Мындай окуу жайларына – Кыргыз улуттук университети, Кыргыз-орус (Славян) университети, Борбор Азиядагы Америка университети, Медициналык академия кирет. Декларациянын айрым талаптарын турмушка киргизүү жактары иликтенүүдө.

Конференцияда Кыргызстандын эл аралык университетинен тышкары Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз-Европа факултетинин жасаган иштери европалык билим берүү стандартына жакындашат деп белгиленди. Аталган факультеттин деканы Чынара Адамкулованын айтымында, улуттук университет менен Франциянын Гренобль университетинин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык 1997-жылдан бери 136 студент Франциядан билим алууга жетишкен.

9-декабрда өткөн жыйында «Болонья декларациясына кошулууга дарманыбыз жетеби, жетсе мындай иштердин жемиши кандай болот?» деген да күмөн саноолор ортого салынды.

- Болонья процесси өзү бир катар көйгөйлөрдүн алдында турат. Муну ачык эле айтышыбыз керек, - дейт Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча агенттиктин деректиринин орун басары Каныбек Осмоналиев. - Ошол эле Европадагы бардык эле окуу жайлары бул процесске баш-оту менен кирип кетишкен жок. Ошол үчүн бардык ишти акыл-эс менен карасак. Мен муну бүгүнкү докладымда да айттым. Мисалы, илимий мейкиндик, илимий шарт, чөйрө Европада жакшы. Бирок, аларга биздин адистик деңгээлибиз, материалдык-техникалык чама-чаркыбыз жетеби?!
XS
SM
MD
LG