Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:53

Орусиядагы шайлоого карата Батыштын сын мамилеси


Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу уюму-ЕККУ жекшемби күнү Россияда болгон парламенттик шайлоо алдындагы өнөктүк калыс өтпөгөнүнө байланыштуу жасаган тынчсыздануусун Кошмо Штаттары колдоду.
ЕККУнун 400дөй байкоочусу шайлоого байкоочу катары катышкан болчу.
Ак Үйдүн өкүлү Скот МакКлеллан ырасмий Вашингтон ЕККУ берген баага кошулат деп билдирди:
- Шайлоого байкоо салган ЕККУнун байкоочулары шайлоо өнөктүгү калыс өтпөгөнүнө, айрыкча, маалымат чөйрөсүндөгү кырдаалга жана өкмөттүн өз бийлигин кеңири колдонуусуна тынчсызданганын билдирди. Вашингтон мындай кооптонууну тең бөлүшөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG