Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Кремлдин виза саясаты Грузияда өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп бааланды


Грузиянын жетекчилиги Россия өкмөтүнүн жарым автономиялуу Ажариянын атуулдарына жеңилдетилген виза режимин берүүсүн сындады.
Россиянын тышкы иштер министри кечээ билдиргенге караганда, Грузиянын курамындагы ажариялыктарга жеңилдетилген виза режимин берүүдө региондогу татаал кырдаал эске алынган.
Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Каха Сихарулидзе Орус бийликтеринин бул кадамын өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп баалады.
Россия буга чейин абхазиялыктар менен түштүк осетиялыктарга жеңилдетилген виза режимин берген.
Соңку жылдары Абхазия менен Түштүк Осетиянын жетекчилиги ырасмий Тбилисинин бийлигин чанып жүрөт.

XS
SM
MD
LG