Линктер

дүйшөмбү, 27-март, 2017 Бишкек убактысы 13:15

Нарын облусунда электр энергиясына карызды кайтаруу кыйын болууда


НАРЫН. Нарын райондук электр тармактар ишканасынын башчысы Мирбек Жумагуловдун айтымында, октябрь айында район боюнча эки жарым миллион сомдук электр энергиясы сарпталып, анын 800 миң сому гана жыйналды. Ал эми ноябрь айында пайдаланылган 6 млн. сомдук электр энергия үчүн бир миллион сом чогултулат деп болжолдонуп жатат. Бул көйгөйгө кардарлар менен ишканалардын электр эсептегичтер менен толук камсыздалбагандыгы түрткү болууда. «Чыгыш электр станциялар» акционердик коомунун Нарын филиалынын директорунун орун басары Кайрат Мырзакматовдун билдирүүсү боюнча, филиалдын жалпы карызы 100 млн. сомдон ашып кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG