Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Конституциялык сот депутаттын арызын карайт


БИШКЕК. 18-декабрда Конституциялык сот Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун арызын карай баштайт. Депутат быйыл январда Конституциялык сотко жолдогон арызында өткөн жылы ноябрь айында нааразылык акциясын өткөрүү үчүн Аксы районунан Бишкекке келген атуулдарды депортациялоонун мыйзамдуулугун териштирип берүүнү өтүнгөн. Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев борборго келген атуулдар үйлөрүнө президенттин 1999-жылкы жардыгына ылайык кайтарылганын билдирген болчу. «Биздин максат президенттин ошол жардыгын жокко чыгарып, кыргыз атуулдарынын жумуруят аймагында эркин жүрүүгө Конституция берген укугун камсыздоо», - дейт Азимбек Бекназаров. Ал эми президенттин аталган жарлыгы өлкөнүн бир аймагынан экинчи бир жерине алты айдан көп убакытка барган атуулдардын барган жеринде сөзсүз каттоодон өтүүсун талап кылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG