Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Кыргызстан эл аралык уюмдар менен кызматташууну арттырат


БИШКЕК. Эмдиги жылы Европа Биримдиги Кыргызстанга жардамды азыркыдан эки эсеге көбөйтүп, 18 миллион еврого жеткирет. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков билдирди. Мындай чечим Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин Маастрихтеги жыйынынын учурунда чечилген. Анын маалыматына караганда, ал каражат Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук стратегиянын алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат. Талант Кушчубековдун дагы бир маалыматына караганда, Кыргызстан Түндүк атлантикалык альянс уюму НАТО менен 2004-жылы үч багытта кызматташууну сунуштады. Алар: (1)чегара коопсуздугун камсыз кылып, чегара жана бажы кызматтарын жакшыртуу, (2) экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн уулуу заттардын калдыктары көмүлгөн жайларды зыянсыздандыруу жана (3) тартип коргоо органдарын реформалоого НАТОнун көмөктөшүүсү. Маалыматка караганда, НАТО бул багыттар боюнча Кыргызстан менен «Тынчтык үчүн өнөктөштүк программасынын» алкагында кызматташат жана азыр макулдашуу түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG