Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ САНААСЫ, ЭСТЕЛИК ОРДУ, А.АКАЕВДИН АКШга ИШ САПАРЫ


Мамлекеттик тил тууралуу жаңы мыйзам долбоору жакында парламентте кабыл алынат. Кыргыз тилинин азыркы абалы жайында кабатыр кептер басылмаларда арбын жарыяланууда. Курманжан датканын даяр эстелигин “Эркиндик” гүлбагы менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянтка коюуну парламент депутаттары өкмөткө сунушташкан. Президент А.Акаевдин чет өлкөлүк иш сапары кыргыз басылмаларында байма-бай жазылууда.

Президент А.Акаевдин АКШга иш сапары ийгиликтүү аяктап, Словакиядагы визити жакшы өтүп жатканын шейшембидеги «Кыргыз туусу», «Эркин тоо», «Вечерний Бишкек» гезиттери жазып чыгышты.

«Кыргызстандын мамлекет башчысы пейил-ниети туш келип, Бүткүл дүйнөлүк банктын президенти Жеймс Вулфенсон мырзанын 70 жашка чыгышына байланыштуу кабыл алуу аземине катышты», деп жазат Мундузбек Тентимишев «Кыргыз туусу» гезитинде.

Президент А.Акаевдин Словакиядагы иш сапары ийгиликтүү башталганын «Слово Кыргызстана» гезити жазып чыкты. А.Акаев Словакиянын мамлекеттик жогорку сыйлыгы 1-даражадагы кош ак чырым ордени менен сыйланган. Басылма Словакиянын президенти Рудолф Шустердин: «Биз ХХI кылымдын Интергельпосун түзүшүбүз керек», - деген пикирин келтирген.

Президент А.Акаевге Кошмо штаттардын эларалык стратегиялык изилдөөлөр ассоциациясынын алтын медалынын берилишине каршы экенин биртоп кыргызстандык ишмерлер билдиришкен. Алардын АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен Эларалык стратегиялык изилдөөлөр ассоциациясына жөнөткөн каты шейшембидеги «МСН» , «Республика» гезитинде жарыяланды. “А.Акаевдин 13 жылдык башкаруусунун натыйжасында өлкө коррупцияга батып, калктын кыйласы башка жерден иш издөөгө мажбур болду, - деп белгилейт каттын авторлору. - Кыргызстанда адам укугу көп бузулат. А.Акаев Батыш өлкөлөрүнө барганда демократ болуп көрүнгөн менен Кыргызстанда катуукол саясатын жүргүзөт”.

«МСН» басылмасынын жаңы санында эларалык «Фридом Хаус» уюмунун Маалымдоо каражаттарын колдоо корунун жетекчиси Майк Стоундун маеги жарыяланган. Анын айтымында, жаңы басмакананын кызмат акысы кымбат, себеп дегенде, жаңы ишкана өзүн-өзү каржылоосу керек. Айрым гезиттердин жаңы басмаканадан баш тартуусунан Маалымдоо каражаттарын колдоо корунун баркы түшпөйт, - дейт Майк Стоун мырза.

«Кыргызстан саясий коллапска туш келди, - деп жазат Людмила Жолмухамедова ушул эле гезитте жарыяланган макаласында. - Жогортодо тургандар мындан ары эмне кылышарын билбейт, элдин деле алар менен иши жок. Иши кылып, кетип атабыз». Автордун пикиринде, Орусиядагы парламенттик шайлоонун сабактары кыргызстандыктарды да катуу ойлонтушу керек.

2004-жылдын бюджети 736 миллион сом тартыштыгы менен түзүлүп жатканын шейшембидеги «Агым» гезитинде Жолдошбек Зарлыкбеков жазды. Автордун маалымдашынча, эмдиги жылы тышкы карызга бюджет эсебинен 33 миллион доллар төлөнөт. өлкөдө ишке жарактуу калктын 25% ортоңку катардагы мамчиновниктер түзүшөт. Орусиядагы парламенттик шайлоодо улутчул-социализм маанайындагы күчтөрдүн мөрөйү үстөм болду. «Бул өтө коркунучтуу тенденция», - дейт депутат Кубатбек Байболов гезитте жарыяланган пикиринде.

Шейшембидеги «Эркин тоо» гезити «Датка эненин эстелиги ордун тапты» маалыматын жарыялады. Курманжан датканын эстелигин өкмөт депутаттар сунуш кылган жерге орнотууга макулдугун берсе жаңы айкел эмдиги жылкы Нооруз майрамында «Алатоо» кинотеатрынын жанында ачылышы ыктымал. Курманжан датка эстелигине «Аалам» гезити да жаңы санында кайрылды. Кепти макаланын автору Нарынкүл Назаралиевага берели:

- «Эркиндик» менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишине, «Алатоо» кинотеатрынын аркасына Курманжан датканын эстелигин орнотуу боюнча чечим туура. Жогорку Кеңеш өкмөткө көчөлөрдүн атын туура коюу боюнча жаңы концепция иштеп чыгууга тапшырма берди. Жер-жерлерде көчөлөрдүн атын туура эмес коюудан чатак чыккан учурлар да көп.

Гезитте улуттук тил маселесине арналган макалалар топтомуна да орун берилген.

«Республика» гезитинин жаңы санында Орусия менен АКШнын Борбор Азия, Кавказдагы геосаясий кызыкчылыктарын козгогон Замира Сыдыкованын макаласы жарыяланды. Автордун пикиринде, Кошмо штаттар эки чөлкөмдө бийликтен кеткиси келбей орто кылымдагы хандыкты орнотуп алган президенттердин ордун басар мураскорлорду колдоого ала баштады. Грузия президенттигине талапкер Михаил Саакашвили Батышка жан тарткан саясатчы. Орусия элин да, өзүн да кыйнап бүткөн президенттерди алмаштыруу аракетин жасаган жок. Батыш болсо узакка отуруп калган президенттердин кызмат ордун жаңы муундагы саясатчыларга тынч-аман өткөрүп көндүрө баштады, Орусия дагы артта калды, - деп белгилейт макаланын автору.
XS
SM
MD
LG