Жаңы кылымдагы маалымат коомунун ыкыбалы тууралуу кыйладан бери айтылып келатат. Глобалдашкан азыркы коомдун көйгөйү көп. Байгер өлкөлөр адам акылын айран кылган технологиялык жетишкендиктерди ыктуу пайдаланып, майкөл-сүткөл жашоону кечирип жатса, жакыр өлкөлөр толгон-токой социалдык-экономикалык, аскерий проблемалардын төөбастысында калып калганы деле жашыруун эмес.
Кыргызстандын президенти Аскар Акаев да БУУ сүрөөнчүлүк кылган ушул саммитке катышмакчы. Президенттик акимчиликтин маалымат кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиев мамлекет башчынын Женева сапары тууралуу “Азаттыкка” мындай деп учкай белгилеп айтты:
- Аскар Акаев жетектеген расмий делегация Швейцариянын Женева шаарында маалымат технологиясы боюнча бүткүл дүйнөлүк саммиттин ишине катышат. Жыйынга кырктан ашуун өлкөнүн мамлекет, өкмөт башчылары келишкен. Саммиттин пленардык жыйынында Аскар Акаев чыгып сөз сүйлөшү күтүлүүдө.
Женевада өтүүчү чоң жыйында жаңы кылымда дүйнөнүн бай-кедей, чоң-кичине мамлекеттеринин түгөл баарынын башына келчү маалымат технологиясы коомунун милдети менен жоопкерчилиги жайында кеп жүрөт. Байгер жашоонун артында катылган экономикалык, экологиялык жана башка чалкеш суроолор айтылат, мамлекеттердин алгоолошуп аткарчу милдеттери айкындалат.
Планеталык деңгээлде аңдалчу көйгөйлөр бу кылымда оголе көп болчудай. Алардын бири – интернетти “ооздуктоо” аракетин жасагандар менен маалымат алуу эркиндиги камсыз кылынчу ачык коомдун тарапкерлеринин ортосундагы өз ара түшүнбөстүк.