Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Германияда мусулман мугалимдердин мектепте жоолукчан жүрүүсүнө тыю салынышы мүмкүн


Учурда Бавария жеринин бийликтери мусулман мугалимдерге мектепте жолук салынып жүрүүгө тыю салган мыйзам долбоорун даярдашты. Мыйзам күчкө ээ болушу үчүн аны эми Бавариянын парламенти бекитиши керек. Бийлик өкүлдөрүнүн түшүндүрмөсүнө караганда, муну менен алар окуучуларды ислам фундаментализминин таасиринен сактоого аракеттенишүүдө.
Мурдараак ушундай эле эреже Германиянын Баден-Вюртемберг жеринде кабыл алынган эле. Бирок анда өлкөнүн Жогорку соту мусулман мугалимдердин жолук менен жүрүүсүнө тыю салууга болбойт деп тапкан. Анткен менен сот,ошол эле учурда, эгер мындай көрүнүш окуучуларга терс таасир берсе, бийликтердин чара көрүүгө укугу бар экенин тааныган.

Таңкы жаңылыктар топтомун даярдаган – Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG