Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

АКШ Кытай менен Тайвандын эки ортодогу талашты чечүү боюнча бир тараптуу аракеттерине каршы


АКШнын президенти Жорж Буш бул тууралуу Ак үйдө Кытайдын премьер-министри Вэнь Цзябао менен жолуккан соң билдирди:

-Биз Кытайдын же Тайвандын кво-статусун өзгөртүү боюнча бир тараптуу аракеттерине каршыбыз. Тайвандын лидерлеринин айткандары менен жасап жаткан аракеттери алар кво-статусун өзгөртүү боюнча бир тараптуу чечим кабыл алышы ыктымал экенин каңкуулоодо, биз буга каршыбыз.

Президент Жорж Буш жолугушууда АКШнын бир эле Кытай мамлекети бар деген позициясын ырастаган. Ал эми кытай премьеринин айтымында, Пекин Тайвань менен тынч биригүүнү каалайт.
Тараптар сүйлөшүүлөрдө соода өнөктөштүгүн улантуу ниетин жана Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотууну көздөшөөрүн да ырасташты.

XS
SM
MD
LG