Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

АКШнын аскерий жетекчилеринин бири коалиция Ирактагы ишин ийгиликтүү аяктаарына ишенет


АКШнын армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы, генерал Ричард Майерс Вашингтондогу басма сөз жыйынында Ирактагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча америкалык аскерлердин алдында али чоң милдеттер турганын белгиледи. Ага катар генерал Р.Майерс кол салууларга карабай, АКШ баштаган коалиция Ирактагы ишин ийгиликтүү аяктайт деп эсептейт. Кечээ Иракта катары менен эки жерде кол салуу болду. Башкалаа Багдадда сунниттердин мечитинде жасалган жардыруудан үч адам өлдү. Ал эми өлкөнүн түндөгүндөгү Талафар шаарында америкалык аскерий базанын кире беришинде жанкечти айдаган автоунаа жарылып, натыйжада америкалык 58 жоокер жана алты ирактык жаракат алышкан. Ал эми дагы бир жанкечти өзүн Багдаддын түндүгүндөгү аскерий базанын жанында жардырып, бирок эч ким жабыр тарткан жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG