Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

БУУнун башкатчысы Кофи Аннан Москвадагы жардырууга байланыштуу Орусияга көңүл айтты


Соңку маалыматтар боюнча андан алты киши каза тапты. Жаракат алган 14 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда. Жардыруу кечээ жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 11ге жакын Москванын эң борборунда, Мамлекекттик думанын имаратына жакын жайгашкан "Националь" мейманканасында болгон. Орус бийликтери окуяны терракт катары баалашууда. Президент Владимир Путин "кылмышкерлер менен террорчулар" Орусияда экономиканын жана демократиянын өнүгүшүнө каршы күрөшүп жатканын белгиледи. Тергөө органдарынын маалыматына караганда, жардырууну жанкечти аял жасаган. Ага катышы бар болушу мүмкүн деп эсептелген дагы бир аялга издөө салынды. Бул - жанкечтилердин Орусияда акыркы беш күн ичинде жасаган экинчи жардыруусу. Окуя Мамлекеттик думага шайлоо аяктагандан эки күндөн соң болуп олтурат. Мунун алдында өлкөнүн түштүгүндө жүргүнчү ташуучу поезд жардырылып, анда 44 киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG