Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

ДЕПУТАТТАР АЙЫЛ ЧАРБА ПРОДУКЦИЯЛАРЫНА КИРГИЗИЛГЕН КОШУЛГАН НАРККА САЛЫКТЫ КАЙРА КАРАП ЧЫГУУНУ КӨЗДӨШӨТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Быйыл Жогорку кеңеш өкмөттүн демилгеси менен айыл чарба продукциясына кошулган наркка салык киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алган болчу. Жер жерлерде болуп, шайлоочулар менен жолугушуп келген депутаттар бул салыктын ишке киргизилишинде көп кемчиликтер кетип жатканын айтышууда. Алар мыйзамды кайра карап чыгууну көздөшөт.

Айыл чарба продукцияларына кошулган наркка салык киргизүү тууралуу мыйзамды көп талаш-тартыштан кийин эки палата тең колдоп, кабыл алып берген болчу. Акыркы маалыматтарга караганда азыр бул салык жыйнала баштады. Быйыл план боюнча 250 млн. сом жыйналыш керек болсо, азыр 20 млн. сом түшкөндүгүн айтышат. Бирок депутаттар жер-жерлерге барып, шайлоочулар менен жолугушуп келгенден кийин, азыр эки палата тең бул салыкты кайра карап чыгууну талап кылып жатат. Эл өкүлдөр жыйынын айрым депутаттары “бул маселе чечилмейин бюджетти карабайбыз” дегенге чейин барышты.

- Бул маселе депутаттар жана агрардык комитеттин мүчөлөрү тарабынан айтылып, өкмөт макул болгон жеңилдиктер эске алынбай калгандыктан чыгып отурат. Ал жерде биз “үрөн жана асыл тукум мал өстүрүү чарбаларынан кошулган наркка салык алынбасын” деп айттык эле – деп түшүндүрдү бизге депутат Жуман Аккулиев.
Эл өкүлдөр жыйынын депутаттары мыйзам чыгаруу жыйынын депутаттары да бул маселени көтөрүп жатышкандыктарын айтышат. Мыйзам чыгаруу жыйынын агро-өнөржай комплекси боюнча комитетинин төрагасы Бөрүбай Жураевге кайрылганыбызда, ал муну ырастады.

- Ноябрь айынын башында мыйзам чыгаруу жыйыны бул маселе тууралуу токтом кабыл алды. Биз анда “кошулган наркка салык болбогон салык экен, аны алып салалы, бул тууралуу өкмөт тиешелүү мыйзам долбоорун киргизсин дегенбиз” – дейт Бөрүбай Жураев.

Анын жана башка депутаттардын айтымында, депутаттар жогору жакта сөз болгон үрөн жана асыл-тукум чарбаларын салыктан бошотуудан тышкары, “ал кирешеси 500 миң сомдон өйдө болгон гана чарбалардан алынсын, салык өкмөт ойлогондой эки жолу эмес, күзүндө, түшүм алынганда, бир эле жолу чогултулсун”деген сунуштарды айтышкан. Бул сунуштар мыйзамдын өзүнө киргизилбей эле, бир маалымат боюнча, ооз жүзүндө айтылган, башка маалыматтарга караганда, токтомдо чагылдырылган. Ал эми өкмөттүн мыйзамды ишке ашыруу боюнча чыгарган токтомунда 500 миң сом чек тууралуу сунуш эске алынып, калгандары эске алынган эмес.

Бөрүбай Жураев:

- Өкмөттөн “бул чечим Эл аралык валюта кору менен макулдашылган чечим, салыкты алып сала албайбыз” деген жооп келди.

Айтылгандардан көрүнүп тургандай мыйзам чыгаруу жыйынын талабы олуттуу талап. Бул палата азырынча мыйзам жокко чыгарылсын деген позицияда туруп жатат. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары болсо “маселе чечилмейин бюджетти каррабайбыз” дешкени менен негизинде салыкты таптакыр жокко чыгарууну көздөшпөйт. Алар айрым чарбаларга жеңилдиктер берилишин гана сурашат. Мыйзам кабыл алынып жатканда, эгерде “бул салык кабыл алынса ири чарбалар бытыранды болуп бөлүнүп кетет” деген сөздөр айтылган болчу. Депутаттардын айтымында мындай процесс чыны менен эле жүрө баштады.

- Салыкты кабыл алганга чейин 86 миң субьект болсо, салыкты кабыл алгандан кийин 106 миң субьект болуп калды - деди Эл өкүлдөр жыйынын Агрардык саясат комитетинин төрагасы Самаган Маматов.
XS
SM
MD
LG