Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

КЫРГЫЗ-КАЗАК ӨКМӨТ АРАЛЫК КОМИССИЯСЫНЫН ЖЫЙЫНЫ


Бүгүн Казакстандын борбору Астана шаарында кыргыз-казак өкмөт аралык комиссиясынын үчүнчү жыйыны башталат. Анда эки мамлекеттин экономикалык кызматташтыгын андан ары тереңдетүү жолдору талкууланат.

Өкмөт аралык комиссиянын жыйынында соода, инвестиция, отун-суу, унаа жана бажы тармагында кызматташтыкты андан ары тереңдетүү маселелери жана 24-декабрда Казакстанга жасала турган кыргыз президенти Аскар Акаевдин расмий сапарына камылгалар тууралуу каралат.

Учурдагы кыргыз-казак мамилесин Кыргызстандын Астанадагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Жумагул Сааданбеков мындайча баалады:

- Эки мамлекеттин ортосундагы мамиле жакшы жагына кескин түрдө өзгөрүүдө. Борбор Азияда биринчи жолу ушул эки мамлекет биримдиктик (“союздук”) мамилеге өтүп жатат. Экөөнүн экономикасы интеграциялануу жагын көздөп баратат.

Элчи Жумагул Сааданбеков эки мамлекеттин “биримдиктик мамилеси” деген сөзүнө мындайча түшүндүрмөсүн кошумчалады:

- Бул Россия менен Беларусь түзүүнү каалап жаткан ынтымакка окшобойт. Бул жерде жалаң экономикалык маселелер бар. Ал эми коргонуу жана коопсуздук багытында болсо бул эки өлкө ынтымакташ катары Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУнун) алкагында кызматташып, бири-бирине жакын болуу аракети бар.

Ал эми кыргыз-казак соода байланышы быйылкы жылдын тогуз айында 30%га өсүп, сооданын жалпы көлөмү 154 млн долларга жетүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG