МОСКВА. Россиянын коммунисттери парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришти. Бул жөнүндө коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов маалымдады. Көз карандысыз санактын алдын ала жыйынтыгы 3 миллиондон ашык бюллетень бурмалангандыгын көрсөттү. Россия Федерациясынын Коммунисттик Партиясынын болжолунда, Яблоко партиясы добуштардын 6 процентин алып, Мамдумага өткөн. Эгерде шайлоонун бурмалангандыгы участкалардын жарымында аныкталса, борбордук шайлоо комиссиясы ишти иликтегенге мажбур болот. Яблоко менен КПФР шайлоо участкаларынын теңин текшерип чыкканга ниеттенип жатышат.