Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:53

Ирактын Улуттук Оркестри Вашингтондо концерт койду


ВАШИНГТОН. Ирактын Улуттук оркестри кечээ кечинде Вашингтондо концерт койду. Концертке АКШнын президенти Жорж Буш менен өлкөнүн башка жогорку даражалуу адамдары келишти. Оркестрдин башчысы Хишам Шараф концертти "Ирак эли тынчтыкты сүйгөн эл экенин көрсөтүү үчүн жасалган алгачкы кадам" деп сыпаттады. АКШнын симфониялык оркестри менен биргелешип койгон концертте Ирактын оркестри алты чыгарма аткарды, анын ичинде, Ирактын улуттук чыгармалары да бар. Бүгүн оркестрдин мүчөлөрү президент Буш менен жолугушууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG