Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

НОБЕЛЬ ТЫНЧТЫК СЫЙЛЫГЫ МУСУЛМАН АЯЛГА ТАПШЫРЫЛДЫ


http://gdb.rferl.org/4F1229C0-27A1-4D66-8A26-B1E32E6D460B_w203.jpg --> http://gdb.rferl.org/4F1229C0-27A1-4D66-8A26-B1E32E6D460B_mw800_mh600.jpg 10-декабрда Осло менен Стокгольмдо Нобель сыйлыгын тапшыруу аземдери болуп өттү. Быйыл Нобель тынчтык сыйлыгына алгачкы ирет мусулман аял, ирандык укук коргоочу Ширин Эбади татыктуу болду.

Шейшембиде Ослодо өткөн пресс-конференцияда Ширин Эбади жогорку сыйлыкты жалгыз өз атынан эмес, башка мусулман аялдардын атынан алып жаткандыгын белгиледи:

- Бул сыйлык жалгыз мага таандык эмес. Ага аялдардын дискриминацияланышына каршы күрөшүп жаткан ирандык жана башка мусулман кыз-келиндер да татыктуу.

Рим папасы Иоан Павел экинчи, Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Хавел өңдүү кадыр-барктуу, таанымал ишмерлерди артта калтырып, быйылкы Нобель тынчтык сыйлыгын алган Эбади кесиби боюнча юрист. 1979-жылкы ислам революциясынан кийин Иранда аялдарга сот тармагында эмгектенүүгө тыюу салынган. Бирок бийликтин мындай кадамы каалаган натыйжага алып келген жок. Тескерисинче, дал ошол мезгилден баштап Эбади адам укуктары жаатында иш алып бара баштайт. Ал бир нече китеп жазып, катардагы ирандыктарга алардын укуктарын түшүндүрүүгө аракет жасайт. “Эбадинин 1988-жылы чыккан “Балдардын укуктары” деген китебине чейин ирандыктар ошондой укуктар бар экендигин билишчү да эмес”, - деп жазат Тайм басылмасынын журналисти Скот Маклеод.

Эбади 1980-жылдардын аягында көчөдө калган балдарды коргоочу алгачкы бейөкмөттүк уюмду түзөт.

2000-жылдын июн айын Ширин Эбади азыркыга чейин үрөйү учуп эскерет. Анда Эбадинин колуна консерватор молдолордун өлкөдөгү реформачыл, прогрессивдүү интеллектуалдарга каршы кол салууларга тиешеси бар экендгин далилдеген бир видеокассета түшкөн. Эбади үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп, өзү магистратурага колго түшүп берет. Ошентип, укук коргоочу 23 күн Тегерандын Эвин түрмөсүндө отуруп чыгат. Эл аралык кысым алдында консерваторлор аны бошотууга мажбур болот. Кийинчирээк Эбадиге Ислам жумуриятынын беделине доо кетирди деген айып тагылып, ал жаза өтөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу шарты менен эки жылга эркинен ажыратылып, кесибин аткарууга убактылуу тыюу салынат.

Мындан алты жыл илгери Ирандагы бийликке байистүү деп эсептелген президент Хатами келген эле. Бирок эскичил динчилдер реформалардын ишке ашырылышына бөгөт коюп, жүздөй саясий активист, журналист, жазуучу жана башка коомдук ишмер камакка алынган.

Иранда көпчүлүк эл, өзгөчө аялдар, Ширин Эбадинин ишмердүүлүгүнүн эл-аралык коомчулуктун жогорку баасына татышы оң жылыштарга алып келет деген үмүттө.

Өткөн айда АКШ президенти Жорж Буш дагы Тегеран өкмөтү өлкөнү демократиялаштыруу жаатында иш алып барыш керектигине басым жасады:

- Нобель тынчтык сыйлыгына ээ болгон Ширин Эбадини Иранда миңдеген киши каршылап алганына күбө болдук. Тегеран режими Иран калкынын демократиялык талаптарын аткарбаса, өзүн легитимдүү деп атабашы керек.

Арийне, октябрдын башында Нобель комитети өз лауреатын атагандан көп узабай, Эбадинин дарегине коркутуп-үркүтүүлөр айтыла баштады. Анын жакындары “бул сыйлыктын үзүрүн көрө албайсың” деген мазмундагы бир нече кат келгенин айтышууда. Эл аралык айыптоолордон чочулаган өкмөт Эбадиге сакчыларды бөлүп берди.

Айрым консерватор-динчилдер аны Иран элинин арасындагы кадыр –баркын кетирүүгө бир нече аракет жасашты. Асыресе, Тегерандын политехникалык университетинде эркек мугалим менен Эбадинин кол алышканы чоң чууга айланып кете жаздады. Шийи мусулмандардын эрежелери боюнча, туугандык байланышы жок аял менен эркектин денелик жакындашуусуна тыюу салынган. Натыйжада, эркек мугалим университеттен куулду. Ошол эле мезгилде, Ирандын консервативдик бийликтеринин белгилүү оппоненти аятолла Хосейин Али Монтазери атайын диний жардык чыгарып, тигил экөөнү коргоого алды.
Кээ бир эскичилдер болсо Нобель сыйлыгын колониалдык, декаденттик коомдун белгиси катары сыпаттап, Эбадинин беделин түшүрүүгө далаалаттанып келатышат.

Кандай болсо да, Нобель сыйлыгына татыган алгачкы мусулман-аял катары тарыхка кирип калган Ширин Эбади аялдардын, балдардын укуктары үчүн күрөшүн улантаарын белгилейт. Эми ал өкмөткө же парламентке кирип, саясий ишмер болуп калат деген чочулоолорго Эбади: “Адам укуктарын коргоочунун орду элдин арасында”, - деген жообун узатты.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG