Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

ООГАНСТАНДАГЫ АМЕРИКАЛЫКТАРДЫН СОГУШТУК СТРАТЕГИЯСЫ


Ооганстандагы америкалык аскерлер 9-декабрь күнү чыгыштагы Хост провинциясында ооган эрегишчилерине жана талибдердин калган-каткан күчтөрүнө каршы чабуулга өттү. Андан үч күн мурда америкалык учактар талибдерди мээлеп урган соккудан тогуз ооган бала өлүп, талибдер чыгым тартпаган. Балдардын капылет өлүмү АКШлык аскерлердин стратегиясы жана чалгындоосу тууралуу түрдүү суроолорду жаратты.

Тогуз баланын өлүмү, АКШлык аскерий жетекчиликтин кечирим сураганына карабастан, жергиликтүү оогандарды каттуу кыжырдантты. Газни провинциясынын орун басар губернатору Хосейни да эл “ширеңке чакса, от алчудай” абалда деп билдирген. Өлкөнүн ички иштер министри Али Ахмад Жалали жекшемби күнү дипломаттык сылыктыкка салып, мындай билдирүү жасады:

- Өкмөт (АКШ тараптан) түшүндүрмө берүүнү талап кылды жана кырсыкты изилдей баштады.

Талдоочулардын айтымында, Ооганстандагы АКШлык күчтөр тез-тез жаңылганын ырастаган далилдер жок. Бирок, соңку окуя “талибдердин турган жайын аныктоодо колдонулган чалгындоо маалыматтары ишеничтүүбү беле? Аскерлер туура стратегияны колдонуудабы? Авиацияны колдонуу зарыл беле?”, - деген суроолорду АКШнын өзүндө да пайда кылды.

Вашингтондогу жеке менчик “Heritage” фондунун саясый талдоочусу Жек Спенсер: “Ар бир америкалык - уруш жүрүп жаткан аймактардагы ар кандай жоготуулардан коркот. Мындай синдром жоон топ америкалык жоокерлер 1990-жылдардын баш ченинде Сомалиде буктурмага кабылып, катары суюлгандан башат алат. Миңдеген адамдардын өмүрүн жуткан Балкан чатагы да америкалыктардын “жүрөк үшүн алып койду”, - деп түшүндүрөт.

Ж. Спенсер:
- Бул сыяктуу жоготууларды Кошмо Штаттарында өтө курч кабыл алышат. Анткен менен, мамлекеттик коопсуздуктун зарылчылыганан улам Ооганстанда, Иракта операция өткөрүп жатканда, жоготуу болбой койбосун коомчулук түшүнүш керек. Чын-чынында Кошмо Штаттарынын эли биздин дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде аткарып жаткан иштерибиз америкалыктардын кызыкчылыгына катар америкалыктардын идеалдарын да алга жылдыруу үчүн абзел деп, бекем колдошот.

Адистердин айтышынча, жалаң жердеги күчтөр катышкан операция жай өнүккөндүктөн, тездик үчүн жана аскерлерди жоготууну барынча аздатуу максатында азыркы согуштарда авиация өтө кеңири пайдаланылат. Учактар кубаттуу жана бутага таамай атчу куралдарга ээ. Ошон үчүн, аба күчтөрүн ийгилиги көбүн эсе чалгындоо маалыматтарынын сапатына байланыштуу дейт Спенсер:

- Эгерде учкучтар координатты туура алышса жана ал жерде бир топ бала болсо, анда бул жерде бир жаңылыштык бар. Чалгындоонун тактикасы сымаптай өтө кылкылдак келет.

Спенсер ошондой эле согуш учурунда эл арасында жоготуу болорун эл аралык мыйзамдар жана башка келишимдер тааный турганына, АКШ эл арасындагы бейчаки өлүмдөн качуу үчүн башка өлкөлөргө караганда өтө көп каражат сарптаганына көңүл бурат.

Отставкадагы америкалык полковник Кеннет Аллард коомчулук кабарды үзбөй алып тургандыктан, өлүм-житим жөнүнүндө да укпай койбойт, бирок, жаңылыштык өлүмгө себепчи болсо, аны америкалыктар макул көрбөйт дейт.
Деген менен, Аллард авиация жердеги күчтөрсүз согушту утуп бербесин айтат:

- Аба күчтөрү сиз үчүн көп ишти бүткөрүп бергени менен, урушту акыр аягына чейин утуп бербейт. Саясый бийлик жеңиш үчүн жерде куралдуу адамдардын болушун талап кылат.

Полковник Алларддын айтышынча, чалгынчылар кайсы бир ишке бир нече жыл мурда даярдык көрө баштайт. Босниядагы же Косоводогу, болбосо Ирактагы тынчтык операциясы андай даярдыксыз башталгандыктан, аскерлер аскерий технологияга басым жасоодо.

Ал эми ошол эле оогандар арасына сымаптай сиңип кетип, маалымат жеткирчү чалгынчыларды даярдоого АКШ армиясы жетерлик маани бербей жатканы сынга алынууда.
XS
SM
MD
LG