Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Ысыккөл облустук кеңешинин депутаттары Т.Шайлиеванын губернатор болушуна макулдук беришти


КАРАКОЛ. Облустук кеңештин сессиясында президент Аскар Акаевдин жарлыгына ылайык облустун губернаторлугуна Токон Шайлиеваны дайындоого макулдук берүү маселеси каралды. Сессияга катышкан өкмөт башчысы Николай Танаевдин айтымында, аялдардын «Жаңы күч» саясий партиясынын лидери Токон Шайлиева облусту жакшы жетектеп, экономиканы өнүктүрөт деген ишеним бар. Сессияга катышкан 36 депутаттын баары Токон Шайлиеванын губернатор болушун колдоп беришти.

XS
SM
MD
LG