Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган күнү белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 55 жылдыгына байланыштуу иш-чаралар болуп өттү. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу журналисттерге маалымат жыйынын куруп, жыл сайын декабрдын экинчи аптасынын жума күнүн «Адам укуктарын коргоонун улуттук күнү» катары белгилөөнү президентке сунуштаганын айтты. Акыйкатчынын сөзүнө караганда, адам укуктарын коргоонун улуттук күнүн белгилөө идеясы айрым коомдук уюмдардын демилгесинен кийин пайда болгон. Маалымат жыйынынын жүрүшүндө Акыйкатчы өлүм жазасын биротоло жоюуну жана тергөө абактарында кургак учук оорусун аныктоо үчүн рентген аппараттарын орнотууну президент А.Акаевге сунуш кылганы да маалымдалды.

XS
SM
MD
LG