Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:14

ИРАКТЫ КАЙРА КУРУУДА ЧЫККАН ЖАҢЫ МАСЕЛЕЛЕР


Нарын АЙЫП, Прага АКШ президенти Жорж Буш жакында мурдагы мамлекеттик катчы Жеймс Бейкерди Ирактын карыздарын кайра караштыруу маселеси боюнча өзүнүн атайын өкүлү кылып дайындады. Эмки аптада Бейкер Европа өлкөлөрүнө барып, маселени талкуулайт. Бирок анын алдында АКШ өкмөтү Ирактын чарбасын калыбына келтирүү иштерине кайсы өлкөлөрдүн ишканалары катыша ала турганы жөнүндө жарыялады. Тизмеде Алмания, Орусия, Франция жана бир топ башка өлкө жок. Бул чечим, эксперттердин айтымында, АКШ менен Европа ортосундагы араздашууну ого бетер күчөтүшү мүмкүн.

Жеймс Бейкер Европага аттанаар алдында президент Жорж Буш кээ бир мамлекет жетекчилерине телефон чалып, Ирактын тышкы карызын кайрадан караштырып, аны жеңилдетүүгө көмөк сураган. Бирок Европа жетекчилери ага көп көңүлсүгөн жок, анткени 9-декабрда жарыялаган чечими менен АКШ өкмөтү дүйнөнүн 190-го жакын мамлекетинин үчтөн экисинен көбүн Ирактагы экономикалык иштерден четтетип салган.

Ирактын тышкы карызы азыр 125 миллиард долларга жакын. Өлкөдөгү абалды калыбына келтирүү үчүн, эксперттердин баамында, алгачкы жылдарда эле 56 миллиард доллар талаптуу. Октябр айында Мадрид шаарында өткөн донорлор конференциясында өлкө үчүн 13 миллиард кана чогултулган жана анын алдында АКШ Конгресси 18 жарым миллиард доллар бөлгөн. Ошондуктан, өлкөнүн тышкы карызынын кайсы бир бөлүгүнөн кечүү - бир топ маанилүү маселе. Бирок аны менен кошо Вашингтон Ирак согушуна каршы чыккан өлкөлөрдү экономикалык чаралар менен жазалоо аракеттерин көргөнү кимди болбосун таң калтырбай койбойт.

Ирактагы иштер боюнча контракттарды ким ала турганын 9-декабрда Вашингтондо коргоо министринин орун басары Пол Волфовиц жарыялады. АКШ жакшы көргөн өлкөлөр тизмесине дүйнөнүн 63 мамлекети кирген, алардын арасында - Ирак согушун башынан тартып колдоого алган Улуу Британия, Австралия жана Италия сыяктуу өлкөлөр менен кошо ал согушка дээрлик эч кандай тийешеси жок Руанда жана Палау сыяктуу мамлекеттер бар. Тизмеге Алмания, Орусия же Франция сыяктуу АКШнын негизги сынчылары кирбегенин да түшүнсө болот, бирок эмне үчүн Иракта нейтралдуу Австрия, Канада же Швециянын компаниялары иштей албай турганы табышмак.

АКШ жетекчилеринин айтымында, кабыл алынган бул чечим туура жана адилеттүү, анткени согушка аскер жиберип, кан төккөн өлкөлөр экономикалык жактан пайда да табууга тийиш. Экинчи жагынан, контракт алууну каалаган мамлекеттер үчүн бул чечим Иракка аскер жиберүүгө түрткү болот. Бирок бул жерден абдан орчундуу маселе чыгууда. Ирак согушун Вашингтон коопсуздук маселесине байланыштуу баштаган жана ал согушка Франция, мисал үчүн, укуктук жагынан каршы чыгып, маселе эл аралык мыйзамдардын чегинде Бириккен Улуттар аркылуу гана чечилүүгө тийиш деп айткан. Эми болсо АКШ экономикалык жана саясий маселелерди бириктирип, анын пикири менен макул болбогон өлкөлөрдү ачыктан-ачык жазалоого киришүүдө.

Вашингтондогу Карнеги фондунун адиси Томас Каротерстин айтымында, мындай аргументтер Ирак маселеси мунай жана экономикалык киреше менен тыкыз байланыштуу экенин көрсөтөт: "Ирак согушу экономикалык киреше табуу менен байланышкан эмес. Эми болсо, чарбалык контракттарды башка өлкөлөрдүн компанияларына сыйлык катары берүү - маселе экономикалык экенин көрсөтөт. Бул бир кыйла кунарсыз нерсе".

Орус тышкы иштер министри Игорь Иванов - Маскөө өзүнүн Ирактан ала турган 8 миллиард доллар карызынан кечпей турганын билдирди. АКШнын чечимин Канаданын жаңы премьер-министри Пол Мартин да сынга алды. Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын пикиринде, бул чечим дүйнө дөөлөттөрү ортосундагы араздашууну ого бетер күчөтүп, Ирактагы абалды стабилдештирүүгө көмөктөшпөйт.
XS
SM
MD
LG