Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

ООГАНСТАН: ХЕКМАТИЯР РАСМИЙ КАБУЛГА КАРШЫ


Шаршембиде “Ассошийиетед Пресс” маалымат агенттигинин журналисттери колдоруна ооган колбашчысы Гүлбеддин Хекматиярдын кайрылуусу тартылган видеокассета түшкөнүн кабарлашты. Анда ооган өкмөтүнүн мурдагы премьер-министри Хекматияр мекендештерин АКШ баштаган коалицияга каршы күрөшүүгө үндөйт.

Согушчандардын колбашчысы Хекматияр буга чейин дагы Ооганстандагы чет элдик аскерлерге каршы күрөшүүгө бир нече ирет үндөп келген. Өткөн айда Хекматияр факс аркылуу билдирүү тараткан эле. Эми кабарчылардын колуна анын июль айынан берки алгачкы видеотасмасы түштү. Кассетаны Ооган-Пакистан чек арасындагы журналисттерге Хекматияр жетектеген “Хизб-и-Ислами” тобунун жоокерлери беришкен.

Эксперттердин жоромолунда, 22 мүнөттүк кассетада чындап эле Хекматияр өзү тартылган болушу керек. Анын сөзүндө америкалык президент Буштун Иракка барып келиши жана Грузиядагы саясий окуялар жөнүндө да айтылгандыктан, кайрылуу жаңы эле жазылган деп ырастоого негиз бар.

Тасмада Хекматияр өлкөдөгү стабилдүүлүк менен коопсуздукту орнотууда ийгиликтерге жетишпеген АКШ менен НАТОнун күчтөрүн сынга алган.

Шейшембиде АКШнын коргоо катчысы Доналд Рамсфелд америкалык өкүлдөр Хекматиярдын кол астындагы командирлер менен жолугуп, аларды куралсызданууга жана демократиялык саясий партия түзүүгө ынандырууга аракет жасады деген кабарды тастыктай албай тургандыгын белгиледи. Аны менен бирге Рамсфелд Хекматияр коопсуздукту орнотууга жолтоо болуп келаткандыгын да ырастады.

Ушул тапта Ооганстанда 11 миң 700 жоокерден турган коалициялык күчтөр жайгашкан. Алардын көпчүлүгүн америкалык жоокерлер түзөт. Бейпилдик күчтөр ооган жерин талиптердин калдыктарынан, Осама бин Ладендин “ал-Каида” террорчул уюмуна кирген согушчандардан, ошондой эле Гүлбеддин Хекматиярдын жолдоочуларынан тазалоону көздөйт. Чет өлкөлүк кызматкерлерге, америкалык аскерлер менен ооган өкмөтүнүн өкүлдөрүнө каршы кол салуулар көбөйүп бараткандыгынан улам, мурдагы талибан режими менен тынымсыз согуштардан жабыркаган бул өлкөдө туруктуулук менен коопсуздук үчүн күрөштө жеңишке ээ болуп жатабыз деген АКШнын ырастоосу чындыкка канчалык төп келет деген күнөм саноо күчөй баштады.

Бейшембиде Индия өкмөтү өзүнүн Ооганстандагы мекемелерин коргоо үчүн кошумча полиция жиберээрин билдирди. Мындай чара жол курууга тартылган индиялык эки жумушчу ишембиде түштүктөгү Забул вилайетинде белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып кеткенден кийин көрүлүп жатат. Расмий Делинин өкүлү Каточтун айтымында, Индиянын Кандагар шаарындагы консулдугун кайтаруу үчүн атайын кошуун жиберилмекчи.

Апта соңунда Лойя Жырга же өлкөнүн Улуттук кеңеши Ооганстандын жаңы конституциясын талкуулап, аны жактырууга тийиш. Мындан улам, коопсуздук маселеси ушу тапта өзгөчө маниге ээ болуп турат.
Айтмакчы, Хекматияр өз кайрылуусунда Лойя Жырга жөнүндө кеп кылбаганы менен, президент Хамид Карзай башында турган Кабул өкмөтүн АКШнын кол баласы деп атады. “Оогандыктар шайлоого каршы эмес. Бирок анын оторчулар алдында эмес, нагыз эгемен мамлекетте өткөрүлүшүн каалашат”, - деди Хекматияр.
“Кризисти чечүү үчүн биз сүйлөшүүлөргө макул болобуз. Бирок бул үчүн америкалык армия Ооганстандан чыгып кетиши абзель, оогандыктарга өз тагдырын чечүүгө мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш”, - деп улантты калкты АКШга каршы күрөшкө чакырган колбашчы Хекматияр.

Анын аралыгында, АКШнын мамкатчы орун басары Ричард Армитэж “Файненшнл Таймс” басылмасында бейшембиде жарык көргөн интервьюсунда Буш администрациясы Ооганстанга берилчү аскерий эмес жардамынын көлөмүн эмки жылы көбөйтүүнү көздөп жатат деп билдирди.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG