Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:08

АКШнын ТАЙВАНГА КАРАТА САЯСАТЫ АЛМАШТЫБЫ?


Эксперттер АКШнын президенти Жорж Буш Тайван маселесинде артка чегингенин айтып жатышат. Анткени президент Буш ушул аптада Кытайдын премьер-министри Вэнь Цзябао менен жолугушуу маалында Вашингтон Тайвандын көз карандысыздык үчүн аракеттерин колдобойт деп билдирди.

Шейшембиде Кытайдын премьер-министри Вэнь Цзябао менен жолугушуунун соңунда өткөн маалымат жыйынында АКШ президенти Жорж Буш Тайвандын президенти пландаштырып жаткан аралдын көз карандысыздыгы боюнча референдумга каршы экенин билдирди. "Биз Кытай, же Тайван болобу, экөөнүн бирөө аралдын статусун өзгөртүү максатында бир тараптуу кадамдарды жасашына каршыбыз", - деди Жорж Буш.

Анын бул билдирүүсү Вашингтонго алгачкы ирет расмий сапар менен барган Кытайдын премьери Вэнь Цзябаого майдай жакты, байкоочулар болсо Тайванды тымызын курал-жарак менен камсыздап, дипломатиялык колдоо көрсөтүп келген АКШ эми ага карата саясатын кескин өзгөрттүбү? – деген суроого жооп издей башташты. Америкалык маалымат каражаттары: "Буштун билдирүүсүнүн артында акыркы жылдары ыкчам өнүгүп бараткан АКШ-Кытай экономикалык мамилелери жатабы, же Вашингтон Тайвандын "тентек" президенти Чен Шуйбяндан тажадыбы, же бул жөнөкөй стратегиялык амалбы?" – деген суроолорду талдап жаткан кез.

Айткандай эле, Кытайдын премьери менен жолугушуунун соңунда өткөн басма сөз жыйынында АКШ президенти эки өлкө ортосундагы мамилелердин маанисине өзгөчө басым жасады:

- Биздин эки мамлекет жең түрүнө жалпы кызыкчылыктар үчүн чогуу аракеттенип жаткан чакта, ортодогу айрым түшүнбөстүктөргө көз жумуп койгонго болот. АКШ-Кытай алакалары күчтөнүп, өрчүп баратканда эки тарап экономикалык көйгөйлөр, Тайван, Тибет, же адам укуктары, диний эркиндик болобу, бардык маселелердеги айырмачылыктарды бири-бирибизди түшүнүп жана урматтап талкуулай алабыз.

Дипломаттар Вашингтондун Тайван маселесиндеги чегинүүсүнө жооп катары Кытай өкмөтү улуттук валюта – юандын курсун бекемдеп, эки тараптуу соода мамилелериндеги тартыштыкты жоюунун жолдорун караштырууга макул болгонун маалымдашты. Вашингтон көптөн бери Кытай атайлап юандын курсун төмөндөтүп, өзүнүн арзан товарларын АКШга экспорттогонго адистешип, анын көлөмү америкалык импорттон 40%га ашып кеткендигине байланыштуу Бээжинди айыптап келет. Адистердин айтымында, быйыл Кытай-АКШ соодасындагы тартыштык 120 млрд долларга айланышы мүмкүн.

АКШ президентинин айткандарын колдоп, Кытайдын премьер-министри Вэнь Цзябао да эки өлкөнү жакындатып бараткан байланыштарга токтолду.

- Азыркы тапта дүйнөдөгү кырдаал биздин мамилелерге жаңы мазмун кошууда. Эки элдин жана бүткүл дүйнөнүн кызыкчылыктары Кытай менен АКШдан өз ара кызматташтыгын, бири-бирине болгон ишеничин арттырууну талап кылууда. Бардык изилдөөлөр көргөзгөндөй, Кытай-АКШ алакалары мындан ары да бекемделиши керек. Бул ар тараптуу иликтөөлөрдөн келип чыккан жыйынтыкты ишке ашыруу максатында мен сиздердин мамлекетке келип отурам.

Эксперттер Тайвандын президенти өткөн айда аралдын көз карандысыздыгы талкууланышы мүмкүн болгон референдум тууралуу мыйзамды бекитээр алдында Вашингтон менен ал тууралуу акылдашпаганына көңүл буруп, балким АКШ аны бул бейбаш аракеттери үчүн жазалап жаткандыр деп да боолгоп жатышат.

Бирок, кантсе да АКШ-Кытай алакаларынын эл аралык маанисин эске алуу менен, Кытай өкмөтү АКШ үчүн пайдалуу экономикалык кадамдарды жасаса, Вашингтон Тайпэйди ара жолдо таштап коюшу мүмкүн деген пикирлер да жок эмес. Бээжин Тайвандын президенти келечекте көз карандысыздык маселесин референдумга алып чыкса, ага каршы согуш ачаарын эскерткен. Вашингтондо Кытайдын премьери акыркы арга түгөнмөйүнчө чатакты тынч жол менен чечүүгө аракет кылабыз деп ишендире кетти. АКШ президенти менен Кытай премьеринин жолугушуусунда Түндүк Корея маселеси да талкууланды, Вашингтон Пхеньян проблемасын жөнгө салууда Бээжинге чоң үмүт артаарын жашырбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG