Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

CОМ АРЗАНДАЙБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Жайында АКШнын бир доллары 40 сомдун гана тегерегинде болчу. Соңку бир ай ичинде АКШ долларынын курсу 44 сомдон ашты. Доллардын курсу мындан да жогорулайт деген болжолду айткандар да бар.

Кыргыз журтчулугу доллардын кымбатташынан дайым чочулайт. Доллардын наркы өскөн сайын турмушка зарыл товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн да баасы жогорулайт. Жай күндөрү бир доллар 40 сомдун тегерегинде кармалып турду. Кыш айларында анын кайра жогорулай баштаганын адистер ар кыл себептер менен чечмелешүүдө. Улуттук банктын билдиргенине караганда, доллардын курсу бүгүн 44 сом 30 тыйын. Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбановдун айтымында учурда сомдун курсу туруктуу:

- Валюталык рынокто кырдаал туруктуу. Анын туруктуулугун буза турган ички факторлорду көрбөй турам. Бизде өзүңөр билесиңер эркин аныкталчу курс. Менимче, доллардын баасы өсөт деп тынчсызданууга учурда негиз жок.

Албетте, евронун жүгүртүүгө кириши менен дүйнөлүк рынокто доллар алсырай түшкөнсүдү. Учурда 1 евронун наркы Бишкекте 53,37 сом. Адистер былтыркыга салыштырмалуу АКШ доллары еврого карата өз позициясын бекемдей баштаганын айтышууда. Байкоочулардын баамында, соңку бир жылда Америка экономикасы жакшы жетишкендиктерге ээ болду. Жорж Буш муну кубанып, «соңку 20 жылда да мындай ийгилик боло элек болчу» деп белгилеген. Демек, доллар анча алсырабайт деп боолгологонго негиз бардай. Бирок, ошол эле учурда евронун баасы ай сайын көтөрүлүп баратат. Акыры бул эки чет элдик валютанын курсу олку-солку болоору көрүнө болуп калгандай. Ал эми Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов акчаны доллар да эмес, евро да эмес, сом менен кармоону кеңеш кылат. Анын айтымында, учурда каражатты улуттук валютада кармаган оңтойлуу.

Жайкыга салыштырмалуу доллардын кымбатташына бир нече фактор таасир эткендей. Анын үстүнө Кыргызстан чакан жана жарды өлкө болгондуктан, жыл мезгилдери жана Орусиядагы шайлоо өңдүү саясий окуялар да кадимкидей таасир этерин адистер ырасташат. Улуттук банктын мурдагы төрагасы, бир убакта Финансы министри болуп иштеген парламент депутаты Марат Султанов доллардын баасынын өсүшүн мындайча түшүндүрөт:

- Биринчиден, өлкөдөгү экономикалык өсүш өкмөт күткөндөй болгон жок. Экинчиден, бул жерде сезондук себеп жатат. Жайында дайыма сом кымбаттайт, себеби, Ысыккөлгө эс алуучулар келет, мөмө-жемиш чыгат дегендей. Ал эми кышкысын айылчарба продуктылары да тартыш жана туризм бизнеси токтойт. Ошондой эле мамлекетте импорт тез арада өсүп, экспорттун көлөмү кескин кыскарды. Бул деген доллар сомго үстөмдүк кылат деген кеп.

Улуттук акча бирдиги болгон сомдун куну түшүп кеткени коомчулукту тынчсыздандырбай койбойт. Айрыкча доллар бийик секирип, 50 сомду чапчыган жылдар элдин эсинде. Соңку жарым жылда эле улуттук валютанын девальвация болуп кетиши кыргыз экономикасы үчүн коркунучтуу экенин адистер баса белгилешет. Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Темирбек Сариев сомдун соңку айларда 7-8% арзандаганын, сомдун кунунун түшүшү инфляцияга алып келээрин тынчсыздануу менен белгилейт.

Парламент жаңы эле кабыл алган 2004-жылдын республикалык бюджетине 1 доллардын курсу 44 сом деп киргизилди. Сессияда депутаттар өкмөттөн жана Улуттук банктан сомдун наркын мындан ары түшүрбөөнү өтүндү. Эл өкүлдөр жыйынын бюджет комитетин жетектеген Жеңишбек Эшенкулов доллар мындан ары кымбаттабайт деп боолголойт. Анын пикиринде кыргыз бийлиги мамлекеттик бюджетте айтылган сомдун наркын сактаганга милдеттүү.

Эл аралык валюта кору менен Кыргызстандын ортосунда тышкы карыздарды кыскартуу боюнча түзүлгөн программада доллардын курсун бир калыпта кармоо талабы бар. Сомду арзандата турган күчтүү жагдайлар чыккан күндө да, кыргыз өкмөтү аны жасалма болсо да убактылуу кармап турарын эксперттер айтышууда.

XS
SM
MD
LG