Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

ТҮРКИЯДА КОРРУПЦИЯ МУРДАГЫ ӨКМӨТТҮН ТУШУНДА КАНЧАНЧЫ КАБАТКА ЖЕТКЕН?


Аким Өзгөн, Измир, Түркия Түркийанын парламентинде шаршемби күнү өткөрүлгөн жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында мурдагы премьер-министр Месут Йылмаз, жана экс-министрлер Хусаметтин Өзкан, Гүнеш Танер, Жумхур Өзсүмер, Зеки Жакан жана Режеп Өналдын үстүнөн үч башка тергөө комиссийасын түзүү жөнүндө токтом бекитилди.

Бул парламенттик токтомго ылайык мурдагы премьер-министр Месут Йылмазга жана министр Гүнеш Танерге “Түркбанк” тендерин уйуштургандарга жана ага катышкандарга жол көрсөтүү, тендер комиссийаларын таназарга албай, тендерге катышкандар менен көрүшүп бааны сүйлөшүү аркылуу мамлекетти чыгымга учураткандыгы тууралуу доо коюлду. Ал эми министрлер Зеки Жакан менен Жумхур Ерсүмер энергетика жана табыйгы ресурстар бойунча министрлик кезинде, Орусийадан газ сатып алуу келишимдери жана башка тендерлерде мамлекетти зыйанга учураткан деп айыпталса, Хусаметтин Өзкан менен Режеп Өнал болсо “Түркийа Калк Банкы” тарабынан мыйзамсыз түрдө берилген насыялар менен байланыштуу аудиттик баяндамаларда талап кылынган процедураларды өз маалында баштатпай, банктын аласаларынын мөөнөтүнүн өтүп кетүүсүнө жол койуу менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген доого кабылууда. Бул айыптоо корутундулары менен аталган саясатчылардын Жогорку Трибуналда соттолуусу үчүн жол ачылды.

Мурдагы өкмөт башчы Месут Йылмаз менен министр Гүнеш Танер мыйзам чыгаруу жыйынынын алдында өзүн коргоо укугунан пайдаланышпады. Хусаметтин Өзкан менен Режеп Өнал, парламентте чыгып өзүлөрүн коргошо тургандыгын алдын ала билдиришсе да, кийин 10 мүнөттүк регламент жетиштүү болбойт деп алар дагы парламенттик талкууга келбей койушту. Ал эми Жумхур Эрсүмер менен Зеки Жакан парламенттин шаршемби күнкү жыйынына келип, депутатттардын алдында өзүлөрүн коргошту.

Добушка салуу маалында парламенттик тергөө комиссийаларын түзүү жөнүндөгү сунуштарга башкаруудагы Адилет жана өнүгүү партийасы (АӨП) менен оппозицийадагы Жумуруйат Калк Партийасы (ЖКП) жапатырмак колдоо көрсөтүштү. ЖКПнын лидери Деңиз Байкал парламенттин олтурумунун бир бөлүмүнө катышса, прембер-министр Режеп Тайып Эрдоган өзүнүн партийасынын топтук жыйынында сөз айтуу менен чектелди. Мажлистин чечимине токтолуп, Эрдоган: “ Учурунда мамлекетти ач көздүк менен тоногондор эл алдында уятка калып олтурушат”, - деди.

Шаршемби күнү бекитилген токтом аркылуу эми башкаруудагы АӨПдан 10, оппозицийадагы ЖКПдан 5 парламент мүчөсүнүн катышуусу менен ар бири 15 мүчөлүү үч башка комиссийа түзүлүп, комиссийалар башмыйзамдын 100-беренесине ылайык 2 айдын аралыгында өз ишин жыйынтыктоосу талап кылынат. Комиссийалардын жыйылыштары жашыруун өткөрүлөт. Эгерде айыпталгандарды Жогорку Трибуналга жиберүү жөнүндө чечим чыкса, бул сунуш улуттук мажлистин жалпы чогулушунда добушка койулуп, басымдуу көпчүлүктүн жактырып чыгуусунан кийин иш Конститутсийалык сотко жөнөтүлүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG