Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Тажикстанда өкмөттүк басмакана сынчыл гезитти басуудан кайра баш тартты


«Рузи Нав» жумалыгынын редакторунун орун басары Холбековдун билдиришинче, «Шарки Озод» басмаканасы кечээ жарык көрө турган гезитти баспай турганын алдыңкы күнү маалымдаган. Ошону менен «Рузи Нав» эки жумадан бери экинчи жолу жарык көрбөй калды. Гезит эми жеке менчик басмаканага кайрылып жатат.
Журналисттердин айтымында, «Рузи Навда» өкмөт тууралуу сын макалалар жарык көргөндөн кийин, президент Рахмоновдун администрациясына караган басмакана ага кастарын тигип калды. Гезитте жакында жарык көргөн макалалардын биринде Рахмоновдун бийликке кантип келгени талданса, экинчиси мамлекеттик кызматкерлердин артыкчылыктарын алып салууга чакырган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG