Президент Ислам Каримов бүгүн премьер-министр Өткир Султановду кызматтан алып, ордуна Самарканддын акими Шавкат Мирзаевди дайындады. Каримов Мирзаевди парламенттин сессиясында дайындады жана депутаттар анын талапкердигин көпчүлүк добуш менен жактырды. Өткүр Султанов өкмөттү 1995-жылдан бери башкарып келген эле.