Линктер

logo-print
жума, 02-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Баткенде «Чектеш аймактарда кызматташуу» деген долбоор иштей баштады


БАТКЕН. Долбоорду Бириккен улуттар уюму ишке ашырууда. Долбоордун координатору Нурлан Набеевден 11-декабрда алынган маалыматка караганда, иш негизинен Кыргызстан менен Тажикстандын Баткен жана Согди облустарында жүрөт. Чектеш аймактардагы социалдык чыңалууну басаңдатып, кызматташтыкты чыңоо жана биргелешип өнүгүүнүн жолун издөө максатын көздөгөн долбоор төрт багытта иш алып барат. Алар: чыр-чатактарды алдын-алуу, жамааттык уюмдарын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн окутуу, кызматташтык жана чектеш аймактардын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү программалары. Мындай иштерди жүргүзүү үчүн алгач эки облустан 4 айыл өкмөтү тандалып алынат. Ошондой эле, долбоордун алкагында чектеш аймактардын жергиликтүү бийликтеринин башчылары жолугушуп турмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG