Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Курманжан Датканын эстелиги борбор калаанын Эркиндик бульварына коюлат


БИШКЕК. Курманжан Датканын айкели Бишкек шаарынын Эркиндик бульвары менен Пушкин көчөсүнүн кесилишиндеги мурда «Эркиндик» эстелиги турган жерге орнотулат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны токтом кабыл алды. Токтомго ылайык эстеликти орнотуу иштери толугу менен өкмөткө жүктөлдү. Эми Бишкек шаарынын мэри аталган жерди Курманжан Датканын эстелигин орнотууга бөлүү жөнүндөгү атайын токтомун кабыл алышы керек. Курманжан Датканынын эстелигин ачуу аземи 2004-жылдын 21-мартына белгиленди. Бул тууралуу «Курманжан Датка» фондусунун төрайымы Жылдыз Жолдошева бүгүн «Азаттыкка» маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG