Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Башка өлкөлөргө жумуш издеп кеткендердин айынан өлкөнүн коопсуздугуна доо кетүүдө


БИШКЕК. Кыргызстандын түштүгүндөгү райондордон башка өлкөлөргө жумуш издеп кеткендердин саны күндөн күнгө өсүүдө. Бул тууралуу бейшемби күнү өткөн маалымат жыйынында Эл өкүлдөр жыйынын депутаты Бакирдин Жолчиев билдирди. Анын айтымында, учурда Баткен облусунун Лейлек районундагы Каражыгач айылынан эле 400дөй адам Орусиянын Сургут шаарында иштешүүдө. Ушундай эле көрүнүш Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында кездешет. Бакирдин Жолчиевдин айтымында, мындай көрүнүштү токтотуу үчүн кыргыз өкмөтү тез аранын ичинде алыскы райондорду өнүктүрүү тууралуу мамлекеттик программа кабыл алып, аны ишке ашыруусу зарыл. «Болбосо – бул мамлекеттин чегарасына, коопсуздугуна байланыштуу» деди Бакирдин Жолчиев.

XS
SM
MD
LG