Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Бишкекте ислам динине арналган эл аралык конференция өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте ислам темасына арналган эл аралык конференция өттү. Анын ишине Орусиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын дин башкармалыктарынын, дин иштери боюнча мамлекеттик мекемелеринин, ошондой эле, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйында акыркы учурда ислам дини террорчулук жана экстремизм менен бирге каралып жатканы белгиленип, АКШнын Ирактагы саясаты сынга алынды. Жыйындын катышуучулары «ислам террорчулары», «диний экстремисттер» деген сөздөрдү колдонуу негизсиз дешти. «Террорчулукту исламга байланыштыруу экономикалык кызыкчылыктарды көздөйт» деген пикирлер да айтылды. Конференциянын соңунда резолюция кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG