Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Орусиянын Кыргызстандагы маалымат каражаттары Шайлоо кодексине өзгөртүүлөргө каршы


БИШКЕК. Бүгүн Орусиянын Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү билдирүү кабыл алышты. Ал «Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна байланыштуу болду. Аталган кодекске «шайлоо алдындагы үгүт иштерине чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын укугу жок» деген норма депутаттар тарабынан киргизилүүдө. Билдирүү ээлери Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде чет өлкөлүк маалымат каржаттарынын арасынан Орусиянын гана телекөрсөтүүлөрү, радиолору жана гезиттери бар экендигин айтышып, кодекске өзгөртүү Орусиянын маалымат каражаттарына гана каршы болуп жаткандыгын белгилешти. «Кыргызстандын жетекчилигинин Орусия менен стратегиялык өнөктөш болуп, аскердик-саясий жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүп жатканына байланыштуу мындай толуктоо алынып салынат деп ишенебиз», - деп жазышат билдирүүнүн авторлору.

XS
SM
MD
LG