Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Оппозициялык партиялар президенттикке талапкер катары Феликс Куловду көрсөтүштү


БИШКЕК. Оппозиялык маанайдагы «Арнамыс» жана «Атамекен» партиялары 2005-жылдагы президенттик шайлоого талапкер кылып «Арнамыс» партиясынын учурда абакта жаткан жетекчиси Феликс Куловду көрсөтүү чечимине келишти. Бул тууралуу бүгүн «Атамекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Феликс Кулов саясий себептен улам түрмөгө камалган. Ошондой эле, Кыргызстандын мыйзамдары соттолгон адамдын шайлоого катышуусуна жол бербегенине карабай, андай жобо өлкөнүн Баш мыйзамы - Конституцияда көрсөтүлгөн эмес. «Ошондуктан Феликс Кулов 2005-жылга чейин түрмөдөн бошосо, шайлоого катыша алат» деген пикирин кошумчалады Өмүрбек Текебаев.

XS
SM
MD
LG