Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:42

КЫРГЫЗСТАН ӨЗ ЧЕГАРАСЫН ТАКТООНУ УЛАНТЫП ЖАТАТ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстан кошуна жайгашкан мамлекеттер менен чегара тилкелерин тактоо иштерин улантууда. Учурда Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр күчөп, ал эми Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жаңыдан гана башталды. Казакстан менен чегара негизинен такталып бүттү. Кошуна Кытай менен чегара тилкеси толук такталып, акыркы мамы казыгы кагылды.

Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден бери кошуна мамлекеттер менен чегара тилкесин тактоону улантып келет. Төрт тарабынан курчаган коңшулары менен сүйлөшүү учурунда кызуу талаш-тартыш жараткан жагдайларга көп эле жолу дуушар болду. Айрыкча кыргыз-кытай чегарасын тактоодо мурдатан бери талашка түшүп келген 5 жердин тагдырын чечүү коомчулуктун көңүлүн да өзүнө бурдурду, атургай, өлкөдө саясый кырдаалдын курчушуна да өз таасирин тийгизди. Учурда Кытай менен чегара толук такталып бүтүп, ушул жылдын сентябрында акыркы мамы казыгы орнотулду. Мурда эки өлкөнүн ортосун ажыратып турган чегара тилкесинин узундугу 1200 чакырымга жакын деп болжолдуу жазылып келген. Азыр канча болуп калды? Ал тууралуу өкмөттүн аймактык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов мындай дейт:

- Кыргыз - кытай мамлекеттик чек арасынын узундугун 1084 чакырым 280 метр деп тактадык. Азыр кыргыз - кытай чек арасынын узундугу такталды деп айтууга негиз болуп калды. Биздин болжол боюнча 2004-жылдын биринчи жарымында демаркациялык протоколго кол коюлуп, бул иш ошону менен бүтөт.

Кыргыз-казак чегарасын тактоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр 1999-жылдан 2001-жылга чейин жүрүп, 2001-жылы декабрда эки өлкөнүн мамлекет башчылары келишимге кол койгон. Бирок ал Жогорку Кеңештен ратификациялана элек. Ратификациядан өткөндөн кийин гана демаркациялык иштер башталаарын Саламат Аламанов мырза мындай билдирди:

- Азыркы күндө биздин алдыдагы милдет эки мамлекеттин ортосундагы чегараны демаркациялоо иши. Аны келишим Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөндөн кийин баштайбыз.

Ал эми кошуна Тажикстан менен 1998-жылдан бери токтоп калган сүйлөшүүлөр өткөн жылы кайрадан жанданып, эки тараптын өкмөттүк делегациясы 4 жолу жолугушту. Бирок чегара тууралуу укуктук документтер боюнча бир пикирге туула элек.

- Бир жыл ичинде бул боюнча биз төрт жолу пикир алмаштык. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эки тарап тең өз пикирлеринен жанбай калууда. Ар ким өзүнүкүн туура деген ою менен документтердин топтомун сунуш кылып, бирок аягына чейин бул маселе чечилбей атат. Сүйлөшүүнү ушул багытта дагы уланталы деп турабыз, - дейт Саламат Аламанов.

Чегара боюнча сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кытайдан кийинки эле олуттуу талаш-тартыштар Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдүн учурунда пайда болду. Бирок, айрым пикир келишпөөчүлүктөргө карабай, эки өлкөнүн чегара тилкесинин узундугу 1295 чакырым экени аныкталды. Анын ичинен 996 чакырымы такталды. Калган 300 чакырым боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда. Ортодогу татаал маселелер катары Саламат Аламанов буларды эсептейт:

- Мурда чегараны чарбалык кызматкерлер мамлекеттик дегээлдеги документ түзбөй туруп эле, райондук, облустук жана колхоздук деңгээлде туруп эле чечип коюшуптур. Ошол жерлерди тактоо өтө татаал болуп жатат. Ушул мен айткан 300 чакырымдан ашык жер талаш-тартыштарды жаратып келет. Ошондуктан ал жерлерди азыр кандайдыр бир чечиле тургандай деңгээлге жакындап калды деп айтуудан алыспыз.

Жыйынтыктап айтканда, эгемендүү Кыргызстан азырынча төрт тарабын курчап турган кошуна мамлекеттер менен чегарасын тактоонун үстүндө иштеп атат. Ал эми айрым саясатчылар «өлкө эгемендик алгандан тартып СССРден мурасталып калган аймагы, чегарасы колтийбес укугуна ээ болгон. Кошуна мамлекеттер да аны тааныган болчу, эми аларды кайра тактоонун кандай зарылдыгы бар беле?» деген маселени көтөрүп келишет.
XS
SM
MD
LG