Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: КЫРГЫЗ РУХУН ДҮЙНӨЛӨШТҮРГӨН КАЛЕМГЕР (Жазуучунун 75 жылдык мааракесине)


Бүгүн атпай кыргыз журтчулугу гана эмес, мүлдө дүйнө коомчулугу кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматовдун 75 жылдыгын белгилөөдө. Чыңгызды мекендештери Алатоонун табиятын, карт тарыхка жана маданиятка ээ тоо элинин коомдук турмушун, мүдөө-тилегин жана көйгөйлөрүн татынакай чыгармалары аркылуу дүйнөгө тааныткан, башка евразиялык элдердин маданияты менен көөнө кыргыз маданиятынын ортосунда көпүрө салууга жетишкен даңазалуу калемгер катары урматтайт. Ал азыр да коомдук ишмер жана элчи катары пост-советтик Кыргызстандын жүгүн аркалоого салым кошуп келет.

Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон алгачкы муундагы советтик кыргыз мамлекеттик ишмерлеринин бири болгон Төрөкул Айтматовдун тун уулу Чыңгыз 1928-жылы 12-декабрда Талас өрөөнүндөгү Шекер айлында жарык дүйнөгө келген.

Совет доорунда кыргыз элин тооруган тар жол, тайгак кечүү Чыңгызды бала чагынан торолткон коомдук кыртыш болду. Советтик түзүлүштүн шартында кыргыз автономиясынын укуктарын кеңейтип, аны биримдиктеги башка ири жумурияттарга тең ата өлкө катары түптөөгө салым кошкондордун бири - Төрөкул жазыксыз жерден камалып, атууга кеткен. Анын сөөгү Советтер биримдиги кыйраган учурда гана табылып, репрессиянын башка курмандыктарынын сөөгү менен кошо Атабейитке (Чүйдөгү Чоңташ айылынын жанындагы тектирдеги 1992-жылы августта расмий ачылган көрүстөнгө) кайрадан аруулап коюлду.

“Эл душманы” жалаасына калган кишинин урпагы катары ачык жана көмүскө куугунтукка калган миллиондогон балдардын бири - Чыңгыз эле. Анын билимге умтулуусу аны инсан катары сактап калган жагдайлардан болду. Балким, экинчи дүйнөлүк согуштун жана Улуу ата мекендик согуштун башталышы, кайсы бир деңгээлде, сталинизмдин ырайымсыз жазалоо машинесин өлкөдөгү ички маселелерден алагды кылгандыр. Ошондо да Кавказдагы, Волга боюндагы жана Крымдагы бир катар элдер бүтүндөй улутту жазалаган саясаттан качып кутула алган эмес. Кыргызстанда да адалдык менен арамдыктын, калыстык менен адилетсиздиктин, өмүр менен өлүмдүн арбашуусу ар бир шаарда, ар бир айылда дал ушул жазалоо машинесинин шартында улана берди.

Дал ошол коогалаңдуу согуш кезеңинде Чыңгыз турмуштун каатчылыгын да тартып, коомдун адилеттикке болгон талабын да сезип, өзүнүн калемгердик ишмердүүлүгү үчүн чети оюлгустай тажрыйба топтогон.

Анын калеминен жаралган алгачкы чыгармаларынын бири – көчөдө гезит таркатып чуркаган жапон бала тууралуу. Сталинди даңазалаган бул чыгарма идеологиялык жактан жаш калемгердин “туура багытта” баратканын далилдегенсиген. Чынында, бул туңгуюкта өзү үчүн жол издеген уландын өз чыйырын таба элек жармач кездеги талпынуусу болчу. Ал эми хрущевдик жылдар Чыңгызга сталинчил мындай иллюзиялардан обочолонууга көмөк кылып, дүйнөгө астейдил кароого, адам табиятын тереңирээк аңдаганга жардам берген чыгармаларды жаратууга шарт түздү.

Муктар Ауэзов, Луи Арагон сыяктуу даанышман жазуучулар Чыңгыздын айырмалуу калемгерлик табитин илгиртпей сезип, ага колдоо көрсөтүштү. Чыңгыздын “Жамийласы” (“Обон”, 1958-жыл) айрым жергиликтүү жазуучулар тарабынан сынга алынып, алар “эр жигит эл четинде, жоо бетинде жүргөндө, жоокердин колуктусу эмне үчүн башка бирөөнү ээрчип кетиши керек” деген сыяктуу кинелерин жаадырып жаткан чакта, Арагон сыяктуу чет элдик жазуучулар бул чыгарманы аруу сүйүүнү даңазалаган сейрек эмгек катары баалап чыгышты.

Дал ушундай кош мамиле, сыягы, Чыңгыздын кийинки бир катар чыгармаларынын оболу орус тилинде, андан соң эне тилинде жазылып, алгач кеңирирээк окурмандар жамааты үчүн жарыяланышына башкы себеп болгондой. Ошол эле учурда, Чыңгыз Айтматов кыргыздын кылымдар карытып келген улуу мурасы – “Манас” дастанынын элдик мүнөзүн жактап, аны терең илимий иликтөөгө чакырып келди. 1988-89-жылдары “кош тилдүүлүк” идеясы аркылуу кыргыз тилинин макамын орус тилине теңдештирүүгө чакыруу менен, Чыңгыз Айтматов кыргыз тилинин 1989-жылы 23-сентябрда мамлекеттик тил макамын алышына шарт түзгөн коомдук кыймылга демилгечилерден болду.

Анын өз тегин, өз тарыхын, өз тамырын билбеген, кастарлабаган, дене-мүчөсү жагынан эмес, рухий жактан “дейди” болгон муун тууралуу жаны ачып жазган “Кылым карытаар бир күн” романындагы “манкурт” сөзү 80-жылдарда жалпы эле совет мейкиндигиндеги көптөгөн улуттар үчүн ойготкуч таасир берген, улам чоң талкуу жараткан терең философиялык мазмундагы терминге айланды. Эгерде чех жазуучусу Карел Чапектин чыгармасынан соң дүйнөлүк маданиятка “робот” сөзү кирсе, Чыңгыз Айтматовдун “манкурту” муундардан муундарга мурасталып келген рухий мурас менен иши жок “киши кебетелүү робот” көрүнүшүн аңдаткан сөз катары азыркы дүйнө коомчулугуна кеңири таркады.

Чыңгызды өз өлкөсү саясий ишмер катары да баалайт. 1980-жылдардын экинчи жарымында ал Михаил Горбачевдун демократиячыл реформаларын ырааттуу колдогон. 1987-жылы октябрда “Ысыккөл шеринеси” деген бейрасмий жолугушууну уюштуруп, Батыш менен чыгыштын интеллектуалдарынын башын коштуруу аракетин да жасаган. Өзбекстан менен Кремлдин туундусу болгон коррупциялык иштин ашкерелениши менен байланыштуу чоң чатак чыкканда, Чыңгыз аны “өзбек иши” деп атоого, бүтүндөй улутту жазыксыз жерден жаманатты кылууга каршы турган.

1990-жылы Ош коогалаңы дүрт жанганда, жалпы Борбор Азияда бедели чоң жазуучу коңшу жана бир тууган элдердин – кыргыздар менен өзбектердин ынтымагын бекемдөө үчүн олуттуу салымын кошкон. Ал эми ошол эле жылы октябрда Алатоодо президенттик кызмат алгачкы ирет киргизилип, “легендарлуу” парламент мамлекет башчы үчүн талапкерлерди иргеп калган чакта, Чыңгыз Айтматов “талапкердигиңизди көрсөтөлү” деген сунуштарга баш тартып жооп узаткан.

Эгемен Кыргызстан элдик жазуучусуна Кыргызстандын Баатыры наамын ыйгарып, эң жогорку саясий сый-урматын көрсөттү. Ал Белгияда, Лүксембургда, Голландияда жана НАТОдо Кыргызстандын элчиси кызматын да аркалоодо. Бош убагында ал калем кармап жаткандыгында шек жок. Бирок, деги, анын коомдук иш-чаралардан бош убагы барбы?

75 жылдык мааракеси белгиленип жаткан күнү урматтуу жазуучу “Азаттык” үчүн маек куруп: «Мага жүктөлгөн коомдук иштер мени чыгармачылыктан көп алагды кылып жатат», - деп чынын айтты.

Айтматовдун мааракесине байланыштуу Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө да адабия таануучулардын жана илимпоздордун, жалпы эле айтматов таануучулардын жыйындары өтүүдө.



"Азаттык" үналгысы Чыкебиздин бүгүнкү торколуу тоюна арналган төмөнкү маектерди да обого чыгарды:


ПРОФЕССОР ЛАЙЛИ ҮКҮБАЕВА: «АЙТМАТОВ ТААНУУ» ИЛИМИНИН ЖАҢЫ КЫРЛАРЫ АЧЫЛУУДА»

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: «МАГА ЖҮКТӨЛГӨН КООМДУК ИШТЕР МЕНИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТАН КӨП АЛАГДЫ КЫЛЫП ЖАТАТ»

АЛАТООДО ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН 75 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ
XS
SM
MD
LG