Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24

ОРУСИЯ ТҮРКИЯНЫ ЕВРАЗИЯЛЫК ЫНТЫМАККА КОШУЛУУГА ЧАКЫРАТ


Аким Өзгөн, Измир, Түркия Ушул жуманын ичинде Истамбул шаарында “Евразийа көз карашынан алып караганда Кипр жана Ирак” деген темада симпозийум өткөрүлүп, ага Российадан келип катышкан “Евразийа эл аралык кыймылынын” өкүлдөрү Түркийаны бул кыймылга кошулууга чакырышты.

Кансыз согуш аяктаган соң, батыштык алйанстын ичинде асыресе АКШнын коргонуу стратегийасында Түркийанын мааниси басыңкы деңгээлге түшүп кеткендиги тууралуу көптөгөн пикирлер айтылды жана айтылып жатат. Бирок, батыш менен чыгыш дүйнөсү тогошкон жерде орун алган геостратегийалык туруму, Жакынкы чыгыш жана Каспий бассейниндеги мунай байлыктарына жакындыгы, элдик санынын 98 пайызынын мусулман болушу, ошондой эле, секулйардык башкаруу системасы менен айырмаланган Түркийа учурдагы дүйнөдөшүү (глобалдашуу) жарайанынын шартында дагы олуттуу маанисин сактап кала берүүдө. Бул факты ушул жумада Истамбул Университети тарабынан уйуштурулган “Евразийа көз карашынан алгандагы Кипр жана Ирак” симпозийумунда дагы бир жолу такталгандай болду.

Кийинки жылдары оор экономикалык кризистерди баштан өткөргөн Түркийа үчүн кансыз согуштун жылдарында батыштык коргонуу стратегийасынын маанилүү факторлорунун бири катары, батыштан өзгөчө АКШдан алынган жардамдар аркылуу жөлөмөлөнүп келген экономикасын дүйнөлөшүү мезгилиндеги жаңыча шарттарга шайкеш келтирүү оңойго турбай жатат. Ошондуктан Түркийа өзгөчө башкаруудагы өкүмөттүн жетекчилиги астында, жылдардан бери топтошуп калган экономикалык-коомдук проблемаларын чечүүнүн ишине белсене киришип, дал эле ошол учурда, Евро-Биримдике мүчө болуш үчүн колдо бар күч-кубатын жумшап келе жатат.

Өкүмөт кийинки бир жылдай мезгилдин ичинде, Евро-биримдикке мүчө болуунун бирден-бир шарты эсептелген Копенгаген критерийлерин ишке ашырууда арымдуу кадамдарды таштады; бирок 70 миллион элдик саны бар Түркийаны кабыл алып-албастыгы арсар Евро-биримдиктин сайасий жетекчилери күн өткөн сайын Түркийанын алдына улам жаңы талаптарды койуп жатышат. Алардын бири - Кипр маселеси. Евро-биримдиктин өкүмөт башчыларынын Бруссел шаарында жума күнү өткөрүлгөн саммитинен кийин жарийаланган корутунду билдирүүдө да, Европанын жымсалдуу талабы сакталып, Биримдиктин “Кипр жаңжалынын чечилиши Түркийанын Евро-биримдикке мүчө болушун жеңилдетет” деген туруму кайталанды.

Белгилүү болгондой, алдыбыздагы жекшемби күнү Кипрдин түрктөр жашаган Түндүк секторунда парламентке шайлоолор өткөрүлөт. Шайлоолор Кипр жаңжалын чечүүгө каратылган БУУнун башкы катчысы Кофи Аннандын планына каршы болгон башкаруудагы партийа менен, ал планды жактаган оппозитсийадагы партийалардын эрегишүүсү катары өтүп, андан келип чыкчу натыйжа Түркийа үчүн дагы турмуштук мааниге ээ болмокчу. Түркийа жана Түндүк Кипр Түрк Жумуруйатынын башкаруудагы өкүмөтү “Аннан планын” бүтүндөй четке какпаган менен, ага сүйлөшүүлөр аркылуу кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп эсептейт.

Кипр маселеси Истамбул Университети уйуштурган, ошондой эле, “Евразийа Улуттар Аралык Кыймылынын” жогорку кеңешинин мүчөлөрү, анын ичинде Российанын президенти Владимир Путиндин толук ыйгарымдуу баш элчилери Алберт Чернышев, Анатолий Зайцев, “Евразийа кыймылынын” төрагасы Александр Дугин жана Түркийа Жумушчу Партийасынын лидери Догу Перинчек мырзалар катышкан чогулушта борбордук темалардын бири болду.

Российадан келген коноктордун дээрлик бардыгы Кипр маселесине батыштык өлкөлөрдүн кийлигишүүсүнө нааразычылык билдирип, бул маселе аралда жашаган эки коомчулуктун, кипрдик түрктөр менен кипрдик гректердин арасында сырттан эч кийлигишүүсүз чечилиши керектигин айтышты. Алардын ичинен Алберт Чернышевтин симпозийум учурунда жана басма сөз менен болгон майектеринде айткан пикирлери көңүлдү өзгөчө өзүнө бурду. Кансыз согуш жылдарынан кийин дүйнөдө пайда болгон “бир уйулдуу система” менен келише албагандыгын баса көрсөткөн Чернышев Евро-биримдике мүчө болууга тырышып жаткан Түркийаны, андайча санаасынан баш тартууга жана өзүнүн чыныгы орду бар Евразийа кыймылына кошулууга чакырды. Түркийа Евразийа үчүн чоң мааниге ээ бир өлкө экендигин айткан Чернышев көп уйулдуу дүйнөдө Российа, Түркийа жана башка кошуна өлкөлөр жаңы бир күч борборун түзүүсү керек деп билдирди.

Түркийанын маанисине басым жасап, Чернышев “Российадагы кийинки шайлоолордун жыйынтыгынан алып караганда, шайлоочулар аша чапкан батыштык көз караштагыларды колдоп чыкпагандыгын көрөбүз. Келээрки шайлоолордо Евразийа кыймылы парламентке кирүүгө үлгүрө алат”, - деди. “Алар – Европа, биз - Евразийабыз; ошондуктан биз европалык боло албайбыз. Европадан жардам күтүп олтурбай, биригип Евразийа деген уйулду күчтөндүрүшүбүз керек; баштапкы максатыбыз бул - Түркийаны Евразийа кыймылына кошуп, Евразийа кыймылын толук кандуу бир уйул кылыш”, - деп кошумчалады Росийанын толук ыйгарымдуу элчиси Алберт Чернышев.

1963-жылда кипрдик гректердин аралды түрктөрдөн тазалап бүтүндөй басып алууга багытталган, ошондой эле, кандуу окуйаларга сахна болгон өнөктүгүнүн тушунда Түркийа аралдагы улутташ туугандарына жардамга чыгаарында, АКШнын ошол кездеги президенти Жонсон Түркийанын өкүмөт башчысы Исмет Инөнүгө кайрылган. Тарыхта “Жонсон каты” деп жазылып калган катында АКШ президенти: “Сиздерге берилген куралдарды бир гана менин буйругум менен колдоно аласыздар”, - деген эле. Исмет Инөнү болсо өзүнүн тарыхка калган жообун узаткан: “Жаңы бир дүйнө курулат; Түркийа дагы ал дүйнөдө өзүнүн ордун алат”.

Эми, арадан 40 жыл өткөн соң, Түркийа кошула турган болочокку дүйнө Чернышев болжогон, ошондой эле, 1920-жылдарда орус эмигрант чөйрөлөрүндө да түптөлгөн пан-орустук “Евразийа кыймылы” болот ко деп болжош кыйын. Ошондой болсо дагы, Чернышевдин айткандары, бир чети, соңку парламенттик шайлоолордо өз тарапкерлери ири жеңишке ээ болгон Российанын президенти Владимир Путиндин болочоктогу тышкы сайасатынын негизги багыттарына ишаара кылып жаткансыйт.
XS
SM
MD
LG