Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Брюсселде Европа Биримдигинин бийик жолугушуусу башталды


Бүгүн Брюссел шаарында Европа Биримдигинин эки күндүк бийик жолугушуусу башталды, анда уюмдун алгачкы конституциясына акыркы өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери каралат. Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр саммиттин алдында айтканына караганда, сүйлөшүүлөр абдан оор болот: "Сүйлөшүүлөр оор болорунда шек жок. Европа 25 мамлекеттен турган уюмга айланууда, бул абдан чоң өзгөрүү, ошондуктан биз экономика же коопсуздук боюнча туура чечим кабыл алып жатканыбызга ишенишибиз керек. Бул жалгыз эле Британиянын кызыкчылыгында эмес. Европанын жалпы иши натыйжалуу болууга тийиш". Саммит алдында Алмания, Британия жана Франциянын жетекчилери жолугуп, карала турган маселелерди алдын ала талкуулады. Италиянын премьер-министри Силвио Берлусконинин айтымында, конституциянын тексти толук иштелип бүтө элек жана аны кабыл алуу кийинкиге да калтырылышы мүмкүн: "Конституция үстүндө биз эмгиче иштеп жатабыз жана дагы иштейбиз, баарына жаккан чечим кабыл алуу өтө оор болот, анткени ар бир өлкөнүн өз кызыкчылыктары болгондуктан, биз эбегейсиз кыйынчылыктарга дуушар болуп жатабыз".

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG